Биз менен байланышыңыз

Куурай өрттөй коюп кууратышты

Кыска кабар | 5 Апр 2019 | 591 | 0

Куурай өрттөөнүн кесепетинен Ысык-Ата районундагы Сары-Жон, Ленинское айылдарынын тургундары электр энергиясыз калышты. Бул тууралуу «Түндүк электр» ачык акционердик коомунун басма сөз кызматы билдирди.

Кант райондук электр тармактарында 4-апрель, саат 19:50 дө жогорку вольттогу «Түз» көмөк чордонунан тараган 10 кВ электр линиясы авариялык түрдө өчүрүлгөн. Анын натыйжасында Ысык-Ата районуна караштуу Сары-Жон, Ленинское айылдарынын тургундары электр энергиясыз калышкан.

Сары-Жон айылындагы айдоо жерден тартылган электр кабелинин алдына белгисиз адамдар куурай өрттөшкөн. Бул электр энергиянын өчүшүнө себеп болгон. Күчтүү жалын кабелди ээритип, үзүлүүсүнө алып келген. Жалпысынан 150 метр электр линиясы жарактан чыккан.

Учурда «Түндүк электрдин» оперативдүү чыгуу бригадасы кабелдерди калыбына келтирүүдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM