Биз менен байланышыңыз

Майрам күндөрү энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иштейт

Кыска кабар | 31 Дек 2019 | 864 | 0

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ишканасынын энергетиктери Жаңы Жылда жана эс алуу күндөрүндө күчөтүлгөн тартипте иштешет. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы жыл жана провославдардын Рождество майрамдарында, ошондой эле иш күндөрүнүн жылышына байланыштуу «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ишканасынын энергетиктери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат, колдонуучуларды электр энергиясы менен туруктуу камсыздоо максатында атайын иш-чаралар кабыл алынган.

Эгерде штаттык эмес абал түзүлсө, оперативдүү түрдө аны жоюу боюнча схема авариялык-оңдоо запасы даярдалган. Ошондой эле энергетиктердин авариялык бригадасы күн-түнү нөөмөттө болушат.

Бул күндөрү «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун борбордук аппаратынын, филиалдардын жетекчилиги жана жооптуу кызматкерлерден турган кезмет түзүлөт. Ошондой эле, ишканалардын энергообъекттери күчөтүлгөн тартипте кайтарылып, көмөк чордондордогу кызмат жана өндүрүштүк бөлмөлөр өрткө каршы туруу боюнча зарыл болгон жабдыктар менен камсыздалгандыгы текшерилет.

Copyright © 2017 Maral FM