Биз менен байланышыңыз

Улуттук энергохолдинг: Кадамжайда коммерциялык керектөөчүлөргө пломба басылган

Кыска кабар | 18 Ноя 2021 | 465 | 0

Калкка электр жылыткычтарын колдонууга тыюу салуу тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу «Улуттук энергохолдинг» билдирди.

Маалыматка ылайык, Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан жана керектөөчүлөрдү туруктуу электр энергиясы менен камсыздоо максатында уруксат берилген лимиттен ашпоо боюнча иш-чара өткөрүлгөн.

Иш-чаранын жыйынтыгында лимиттен ашык колдонгон керектөөчүлөрдүн электр жылыткычтарына пломба басылган.

Кадамжай районунда турмуш-тиричилик керектөөчүлөрүнүн (катардагы жаран) эмес, коммерциялык керектөөчүлөрдүн жылыткычтарына пломба басылган.

Кадамжай: электр жылыткыч, мештерге пломба басылып, колдонууга тыюу салынууда (фото)

Copyright © 2017 Maral FM