Биз менен байланышыңыз

Казакстандын үч шаары суусуз, жылуулуксуз жана жарыксыз калды

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Апр 2020 | 1056 | 0

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн Казакстандын Костанай облусундагы үч шаарынын тургундары суусуз, электр жарыгы жок жана жылуулуксуз калышты. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.

Костанай, Рудный жана Лисаковск шаарларында катуу шамал электр чубалгыларын жана бак-дарактарды сындырып, жарнак тактайларына, имараттарга залакасын тийгизди.

Электр энергиясы өчө элек учурда, бактарды кыюуга 11 чакыруу келип түштү. Ошондой эле үч жерде электр чубалгылары бузулган, учурда шаардагы жалпы кырдаал такталууда, — деп билдирген Костанай шаарынын акимчилигинен Алишер Батырбеков.

Учурда Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 685ке жетти. Алардын ичинен 47си айыгып, алтоо каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM