Биз менен байланышыңыз

Кадамжай: электр жылыткыч, мештерге пломба басылып, колдонууга тыюу салынууда (фото)

Кыска кабар | 17 Ноя 2021 | 1546 | 0

Кадамжай райондук РЭСи үйлөрдү кыдырып, ашыкча электр жылыткыч, мештерди колдонууга тыюу салууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Наргиз Мадеминова «Фейсбук» баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, Кадамжай РЭСи тарабынан атайын рейд жүрүп, жарандардын ашыкча электр жылыткыч, мештерине пломба басылган. Жарыяланган сүрөттөрдө чектөө иштери 13-ноябрда башталганын көрүүгө болот. Ошондой эле басылган пломбаны бузгандар үчүн чара колдонулары эскертилген.

Белгилей кетсек, эксперттер жыл башынан бери Кыргызстанда электр каатчылыгы болорун эскертип келет. Эң ири электр энергиясын өндүргөн Токтогул ГЭСинде быйыл суунун көлөмү жылдагыдан 3 млн куб метрге аз.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM