Биз менен байланышыңыз

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

Кыска кабар | 25 Июл 2020 | 535 | 0

Эртең, 26-июлда Бишкек шаарынын айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул оңдоо иштерине байланыштуу экенин «Түндүк электр» ачык акционердик коомунун басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, электр жарыгы Раззаков, Киев, Орозбеков көчөлөрүнүн тилкелеринде өчүрүлөт.

Техникалык оңдоо иштери саат 09:00–18:00 аралыгында болот.

Copyright © 2017 Maral FM