Биз менен байланышыңыз

CASA-1000 долбоорун ишке ашырууга 1 млрд доллар керектелет

Кыска кабар | 26 Июл 2020 | 699 | 0

CASA-1000 долбоорун ишке ашырууга 1 млрд АКШ доллары керектелет. Бул тууралуу «Улуттук электр тармактары» ишканасынын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Рустамбек Райымкулов “Маралга” берген маегинде билдирди. Кыргызстан кура турган 455 чакырым линияга жана ячейкага 230 млн. доллар каралган.

Бул үчүн 3 насыя берүүчү уюм бар .Алар: Европа инвестициялык банкы, Ислам өнүктүрүү банкы жана Дүйнөлүк банк.

Долбоордун негизинде Кыргызстан менен Тажикстан электр-энергиясын экспорттоочу өлкөлөр болуп саналат. Кыргызстан келишим боюнча жай мезгилинде гана электр кубатын экспорттойт. Анткени кышкы мезгилге караганда жайында электр энергиясын колдонуу 3 эсеге чейин азаят.

-Афганистан менен Пакистанда абал башкача. Жай мезгилинде тескерисинче электр кубатын колдонуунун көлөмү өсөт. Ысыктан коргонуу үчүн салкындаткычтар көп иштетилет.

CASA-1000 долбоору 2022-жылдын жай айына аякташы керек болчу. Бирок учурдагы пандемиядан жана Пакистандагы түндүгүндө ири конвертордук көмөкчордон орнотуу иши татаалдашканына улам долбоордун аякташы кечигиши мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM