Биз менен байланышыңыз

CASA-1000: Аракет кылбасак, Тажикстан атаандаштык көрсөтөт

Экономика | 9 Дек 2019 | 945 | 0

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети 2015-жылдын 2-октябрында Люксембург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европалык инвестициялык банктын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу макулдашуу катына макулдугун берди. Маалыматка ылайык, Кыргызстан 2022-жылдан тартып CASA-1000 долбоору аркылуу 15 жыл аралыгында 23 млрд кВт/саат электр энергиясын экспорттойт. Аталган долбоор боюнча Жогорку Кеңештин депутаты, бюджет жана финансы комитетинин төрагасы Эмиль Токтошевден маалымат алдык.

-Европалык инвестициялык банктын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу катына макулдук бердиңиздер, анда кандай маалыматтар айтылды?

-CASA-1000 долбоору бар. Ошол долбоорго Европалык инвестициялык банкынан 70 миллион еврону кредиттик негизде алуу боюнча макулдашуу алып келишти, макулдук бердик. Бул долбоор 2022-жылы апрелде баштала турган долбоор экен. Азыркы учурда макулдашуулар, документация иштери жүрүп жатат.

-Экспорттолгон электрэнергиядан Кыргызстанга 1 кВт/c 5,5 цент түшөрү айтылууда. Негизи, Кыргызстан бул долбоордон канчалык пайда көрөт ?

-5,5 тен 9 центке чейин сатылары айтылууда. Бул долбоордун 30 пайызын Кыргызстан  берет.  

-CASA-1000 долбоору тууралуу көп жылдан бери сөз болуп келет. Эмне себептен ишке ашуусу кечеңдеп жатат? Анын ишке ашуусунда кандай көйгөйлөр чыгып калышы мүмкүн?

-Аталган долбоорго Кыргызстандан башка Тажикстан, Афганистан, Пакистан өлкөлөрү кирет. Биз сыяктуу алар деле баштай элек. Аларда да иш 2021-жылдын аягы 2022-жылдын башында башталары айтылды. Жумуш бардык өлкөлөрдө бирдей темпте жылып жатат. Кыргызстан артта калган жок.

-Электр кубатын экспорттоодо Кыргызстан кандай тобокелчиликтерге барышы мүмкүн?

-Суу азайып, мөңгүлөрдүн эрип жатканын айтып, тобокелчиликтер боюнча биз да сурадык. Маалымат ылайык, 2022-жылы 500млн кВт энергия берерибиз айтылды. Бул Кыргызстан үчүн жеңил эле. Андан кийин 15 жыл ичинде 23 млрд кВт/саат электр энергиясы экспорттолот. Бизге бул аралыкта ГЭСтер куруларын айтып, эч кандай тобокелчилик болбой турганын ынандырышты.

-Тажикстан Рогун ГЭСин ишке киргизди. Бул CASA-1000 долбоорунун алкагында атаандаштык көрсөтүшү мүмкүнбү?

-Эгерде биз айтылган көлөмдү өз убагында бере албасак, сөзсүз түрдө атаандаштык пайда болот. Ошондуктан эки жылдын ичинде керектүү аракеттердин баарын жүргүзүүбүз керек. Өкмөт ыкчам кыймылдоосу зарыл.

-Кыргызстандагы Улуттук энергохолдинг тармагына ар кандай сындар айтылып келет. CASA-1000деги иштин эффективдүүлүгү үчүн бул тармакта кандай реформа болушу керек?

-Реформа керек. Кыргызстандын бюджетке эң карызы көп бул — электрэнергия тармагы. Азыркы учурда холдингдин 103 миллиард сомго жакын мамлекетке карызы бар. Мындан улам, курулуп жаткан ГЭСтерди тезирээк ишке киргизип, көбүрөөк электроэнергиясын чыгаруу зарыл. Андан сырткары, бул тармак толугу менен коррупцияга белчесинен малынган десек болот. Ортомчу фирмалар боюнча да көйгөйлөр бар. Мамлекеттен арзан алып, элге кымбат саткан ортомчу компанияларды жоготуу керек. Ошондой эле жоготуу дагы коюлган талапка жетпей, маселе жараткан бойдон калууда.

Маегиңизге чоң рахмат!

Copyright © 2017 Maral FM