Биз менен байланышыңыз

Бишкекти жаңы жылга карата кооздоодо 7 млн сом кымырылган

Кыска кабар | 23 Ноя 2018 | 1033 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Бишкек шаарын жаңы жылга карата жасалгалоо жана кооздоодо мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтиргени аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

2016-жылы ноябрда “Бишкексвет” муниципалдык ишканасынын жооптуу кызматкерлери жаңы жылда борбордук аянтты жана шаарды жасалгалоо үчүн “GrandPRO” аттуу фирма менен 16 млн 250 миң сомго келишим түзгөн.

Ошондой эле кызматкерлер аткарган жумуштар үчүн берилчү 2 млн 19 миң сом каражат да аталган фирмага которулган. Жалпы материалдардын наркы 13 млн 258 миң 500 сомду түзгөн.

Бирок “GrandPRO” компаниясы бааны болгону 7 млн 427 миң 900 сом деп көрсөткөн. 5 млн 830 миң 600 сом ашыкча коюлган. Мындан бюджетке 7 млн 849 миң 600 сом зыян келтирилген.

“Бишкексвет” муниципалдык ишканасынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду.

Copyright © 2017 Maral FM