Биз менен байланышыңыз

Япония: Тайфундан каза болгондордун саны 39га жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Окт 2019 | 790 | 0

Японияны каптаган «Хагибис» тайфуну алып келген суу ташкын, кара нөшөрдүн айынан каза болгондордун саны 39га жетти. Бул тууралуу Киодо агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, 17 адам дайынсыз жоголууда жана 189 адам ар кандай жаракат алган.

Табигый кырсыктан улам 136 миңдей турак жай суусуз, 4,3 миң үй жарыксыз калган.


«Хагибис» тайфуну: Соңку 60 жылдагы эң күчтүү тайфун [видео]


«Хагибис» аталышындагы тайфундун келтире турган кооптуулугу 19 деген номер менен бааланып, ал өмүргө коркунуч жарала тургандыгы боюнча белги экенин айтышат. Бийлик бул жолку табигый кырсык 1958-жылы катталган коркунучтуу тайфунду кайталайт деп кооптонууда. Ошол учурдагы «Каногава» тайфуну 1200 адамдын өмүрүн алган.

 

Copyright © 2017 Maral FM