Биз менен байланышыңыз

Исраилов: Кийинки жылы электр энергиясын сатып алышыбыз мүмкүн

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Сен 2019 | 872 | 0

Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Абдылда Исраилов «Марал» радиосуна берген маегинде быйыл электр энергияны сатуу мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылы жазында Токтогул суу сактагычында 11 млрд куб метр суу болушу болжолдонууда. Эгерде суунун келиши төмөн болуп, кышка суу топтолбосо, 1 млрд кВт саат электр жарыгын сатып алууга туура келет. Бул боюнча алдын ала сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Токтогул суу сактагычында 19 млрд 500 млн куб метр суу сактоого болот. Анын 14 млрд куб метри керектелүүчү электр жарыгын өндүрө алат. Келип жаткан шагыл-кум суу сактагычтын жана ГЭСтин иштөөсүнө таасир этпейт.

Исраилов белгилегендей, электр энергияга болгон баа өздүк наркынан төмөн. Тагыраагы, электр энергияны өндүрүүнүн өз наркы 52 тыйын. Линиялар аркылуу чоң чыңалуудагы электр жарыгын жеткирүү 23 тыйынды, бөлүштүрүү 58 тыйынды, салык 9 тыйынды түзөт. Учурда жалпы 12 % жоготуу бар.

«Жаңы конуштарда эл өзү трансформатор коюп, аба чубалгыларын орноткондор бар. Негизги көйгөй бөлүштүрүүчү компаниялардын өткөрүп бериши. Айрым конуштарда трансформация болбогон, мыйзамсыз жерлер бар. Ошондуктан электр жабдууларын өткөрүп берүү бир топ маселе жаратууда», — дейт Исраилов.

Белгилей кетсек, учурда Токтогул суу сактагычында 17 млрд 178 млн куб метр суу бар.

“Токтогул суу сактагычында суу аз, бирок жетиштүү”

Copyright © 2017 Maral FM