Биз менен байланышыңыз

«Токтогул суу сактагычында суу аз, бирок жетиштүү»

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Июл 2019 | 1075 | 0

Бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычында 15 млрд 900 млн куб метр суу бар. Бул өткөн жылкыга салыштырмалуу 2 млрд куб метр сууга азыраак. Мындай маалыматты Уктурууга Улуттук энергохолдингдин Башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Абдылда Исраилов “Марал” радиосуна берген маегинде айтты. Мындай төмөн көрсөткүчтүн эч кандай коркунучу жок экенин да белгиледи.

-Кышында 6 млрд куб метр суу колдонобуз. Ошол себептүү бул көлөмдөгү суу кыштан чыгууга жетиштүү болот. Эмки жазга 10 млрд 500 млн куб метр суу менен чыгабыз деген ойдобуз.

Токтогул ГЭСинин 1200 мегаватт кубаттуулугу бар жана 1974-жылы ишке берилген. Учурда Азия өнүктүрүү банкы тарабынан модернизациялоо иштери жүрүп жатат. 2016-жылы башталган долбоор 3 фаза менен ишке ашууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM