Биз менен байланышыңыз

Стамалиева: Убагында премьерлик кызмат Жээнбековго эмес, Атамбаевге керек болгон

Кыска кабар | 9 Апр 2019 | 654 | 0

Президент Сооронбай Жээнбековдун маалымат катчысы Толгонай Стамалиева экс-президент Атамбаевдин Жээнбековго койгон дооматтары боюнча жооп кайтарды. Анда ал Атамбаев менен Жээнбековдун ортосундагы мамилеси жана саясаттагы жүрүштөрү тууралуу окуялар тизмегин баяндаган.

Стамалиеванын айтымында, экс-президенттин күндөн-күнгө көркөмдөлүп бараткан дооматтарына президенттин маалыматтык саясатын жетектеген адам катары  да, жаран катары да жооп берүүнү туура көргөн.

«Алмаз Шаршеновичтин кыргызстандыктарга таңуулап келаткан таарынычы, жүйөсү — «Жээнбековду Премьер кылгам, кийин президент кылгам, эми болсо Жээнбеков мени сатып кетти» дегени.  Эске салсам, С. Жээнбековдун премьерликке талапкерлиги парламенттин комитетинде каралып жатканда, ал: «Премьер болоюн деген оюм жок болчу», — деп агынан жарылган. Бул — чындык. Демек, «премьерлик кызмат Жээнбековго эмес, Атамбаевге керек болгон», — деп жоромолдосок болчудай. Эмне үчүн? Аны бир Атамбаев билбесе, башка эч ким билбейт.  Бирок, Жээнбеков өкмөттө өзүнө тийиштүү эмгекчилдиги менен, майын чыгара иштеди. Өкмөт башчысы кызматынан жүзү жарык кетти. Өкмөт мүчөлөрү, аппарат кызматкерлери да Жээнбековдун жетекчилигинде бир ыргакта майнаптуу иштегенбиз.

Премьерлик ишине тийиштүү майда, бирок маанилүү бир деталды айта кетейин. Жума сайын коомчулукка кайсы маселени жеткирүү пландалчу.  Ал план кийин узун тизмеге айланды. Жыйынтыгында, премьер Сооронбай Жээнбековдун ишин толук канааттануу менен жыйынтыктаганбыз. Анткени, 1 жыл 4 айда пландалган иш-чаралардын бардыгы аткарылып, бир гана убадасы аткарылбай калган — «Ак кула» ат майданы реконструкцияланбай калды.

Ал дагы Жээнбековдун катачылыгы эмес эле. Алдын ала бөлүнгөн 300 млн. сом акча кийин негедир башка багытка бурулуп кеткен… 

Азыр да бул маселе Президенттин көңүлүндө. Буйруса, Бишкекте жаңы стадион курулат, ат майдан оңдолот. Баса, Жээнбеков акыркы жылдардагы мыкты Өкмөт башчы болду деп Алмаз Шаршеновичтин да өзүнүн айткан жайы бар«, — деп биринчи дооматы боюнча жоопту жыйынтыктаган.

Ошондой эле Стамалиева президент Сооронбай Жээнбековдун адамдык парасаты да, ээлеген кызматы да кайым айтышууга жол бербейт деп кошумчалап өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM