Биз менен байланышыңыз

Маалыматтык согушта бийликтин саясаты алсызбы?

Саясат | 10 Апр 2019 | 872 | 0

Соңку кездерде мурдагы жана учурдагы президенттердин ортосундагы мамиле, бири-бирине карата айтылган сөздөр, тараптардын маалыматтык «согушу» кызуу талкууга алынууда. Айрыкча, өткөн аптада 7-апрель окуясына байланыштуу экс-президенттин айткан билдирүүлөрүнүн кызуу талкууга алынышы айрым серепчилердин: «Бийликтин маалымат саясаты алсыз болуп жатат», — деген пикирин жаратты. Чындыгында маалыматтык «согушта» бийликтин маалыматтык саясаты артта калып жатабы? 

9-апрелде Президенттик Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева азыркы саясий кырдаал жана мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун айланасында болуп жаткан кептер тууралуу маалымат таратты. Көпчүлүк бул билдирүүнү «маалымат катчынын агынан жарылгандагысы» деп сыпаттаса, ал эми айрымдар  бийликтин оппоненттерине  кеч  реакция кылып жатканын  жазышууда. Бийлик менен оппозициянын эки тараптуу маалыматтык согушунда бийликтин командасы алсыз болуп жатат деген серепчилер да жок эмес.

Медиа серепчи Алмас Турдумаматов маалыматтык согушта ким же кайсы тарап алдыда болуп жатканын айтуудан карманганы менен, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин командасы ыкчам иштеп жатканын жашырган жок.

— Бир тарабы утулуп, бир тарабы утуп жатат дегенден алысмын. Бирок, чын-чынына келгенде А.Атамбаевдин командасы ыкчам, ийкемдүү иш алып барып жатат десек болот. Анын ар бир жасаган билдирүүсү коомдо кызуу талкууга алынууда. Бирок муну менен эле анын ишине баа берүүгө болбойт. Анткени, сын тагуу дайыма жеңил болуп келген. Экинчиден, мамлекеттик маалымат саясаты карманып турганы оң. Мамлекеттик саясат өзү табиятынан жай жүрөт. Анан да, ал президенттин жалпы ишмердүүлүгүнө байланыштуу жагдай. Ошондуктан сырттан караган кишиге бийликтин маалымат саясаты аксап жаткандай сезилиши мүмкүн.

«Мындай маалыматтык согушта  кырдаалды  коом  өзү талдап,  таразалап билүүсү маанилүү»,- дейт медиа серепчи Азамат Тынаев. Анткени, эл алгач уккан жана көп айтылган маалыматка ишенет. Ошондуктан, учурда медиа сабаттуулуктун маанилүү орунга чыкканын айтат.

— Саясатта пиар, манипуляция, маалыматты бурмалоо көп колдонулган нерсе. Бул мыйзам ченемдүү. Аны серепчилер изилдеп коюшкан. Мындай учурда факты эмес, эмоцияга көбүрөөк басым жасалып кетет. Эл биринчи укканына ынанып кетет. Ошондуктан, азыркы учурда медиа сабаттуулук маанилүү. Бир эле булактан эмес, бир канча булактан салыштырып, анан маалыматты кабыл алуу замандын талабы.

Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова экс-президент Алмазбек Атамбаевдин командасы жасаган билдирүүлөрү менен ойлогон оюна жетип жатат дейт. Бирок коомдогу конфликт жана элдин экиге бөлүнүп калуусун президент элге чыгып кайрылуу жасоо менен токтотсо болмок деген оюн айтты.

— Чындыгында эл да чарчады. Ар кимдин өзүнүн тандоосу бар. Азыркы байкоого ылайык, эл экиге бөлүнүп калды. Социалдык тармактарда уруш-талаш. Бирин-бири каралоо. Бирок ушундай кырдаал болуусун Атамбаевдин командасы өзү көксөп келген. Ошол максатына жетип жатат. Ага жол бербөө керек. Ал үчүн президент эл алдына чыгып, учурдагы кырдаалдар боюнча билдирүү жасап койсо, баарына чекит коюлмак.

Ал арада президенттин маалымат кызматы президент Сооронбай Жээнбеков 11-апрелде Жогорку Кеңеште кайрылуу жасай тургандыгын маалымдады.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM