Биз менен байланышыңыз

Стамалиева: Жээнбеков талапкер болгондо «не публичный» дешкен

Кыска кабар | 9 Апр 2019 | 794 | 0

Президент Сооронбай Жээнбековдун маалымат катчысы Толгонай Стамалиева экс-президент Атамбаевдин Жээнбековго койгон дооматтары боюнча жооп кайтарды. Анда ал Атамбаев менен Жээнбековдун ортосундагы мамилеси жана саясаттагы жүрүштөрү тууралуу окуялар тизмегин баяндаган.

Стамалиеванын айтымында, 2016-жылы Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаев кимди колдосо, ошол талапкерге иштөөгө багыт берген.

«2016-жылдын декабрынан тартып, «КСДПдан ким президентикке талапкер болот, ким президент болот, Алмаз Шаршенович кимге токтолот?» деген сөз күчөдү. Сооронбай Жээнбеков бизге «Алмаз Шаршенович кимди колдосо, ошол талапкерге иштейбиз», — деп багыт берип жатты. 2017-жылдын май айына чейин СДПКнын атынан ким талапкер болот деген так-таасын маалымат болгон жок,» — деп жазган Толгонай Стамалиева.

Бирок көп убакыт өтпөй Сооронбай Жээнбеков потенциалдуу талапкер атала баштаганда, СДПКнын интеллектуалдык-медиа өкүлдөрү чогулуп, Жээнбековдун ордуна Сапар Исаковду сүрөсөк болмок деп ызы-чуу түшкөнүнө токтолгон.

«Ошондой күндөрдүн биринде мени премьер-министрдин медиа өкүлү катары «Форумга» чакырышты. Ал жерде Сооронбай Жээнбековду президенттикке сүрөй турган Фарид Ниязов баштаган СДПКнын интеллектуалдык-медиалык каймагы чогулуптур. Эң негизги идеологдор – Фарид Ниязов, Эльвира Сариева, раматылык Султан Жумагулов экен. Калгандары келечекте талапкердин штабында иштей турган телеканалдын жетекчилери, блогерлер, журналисттер. Аларды бир гана суроо түйшөлтүп турган экен — «Алмаз Шаршенович жаштарды алып келем деди эле, эми болсо жаш эмес, «не публичный, не привлекательный» Жээнбековду кантип сүрөйбүз? Мындан көрө Сапар Исаковду сүрөсөк болмок», — деп, ачык эле ызы чуу түшүштү,» — деген Толгонай Стамалиева.

Мындан сырткары, Фарид Ниязов ошол жердеги талкууну Жээнбековго айтпоону өтүнгөнүн жазган.

«Талкуунун жыйынтыгында Султан агайдын сунушу менен талапкер Жээнбековдун образына негизги сүртүм-анын тазалыгы боло турган болду. Ал жолугушуудан мен «КСДП деп ишенген командасынын ниети ушундай болсо, президенттик таймашта жеңишке жетиш оңой болбойт го?» — деп, ындыным өчүп кайттым«, — дейт Толгонай Стамалиева.

Президенттин маалымат катчысы Атамбаевге жооп кайтарды (толук текст)

 

Copyright © 2017 Maral FM