Биз менен байланышыңыз

«Азаттыктын» иликтөөсү боюнча Президенттик Аппарат үн катты

Кыска кабар | 22 Ноя 2019 | 5865 | 1

«Азаттык» жана «Клооп» медиаресурстарынын журналисттик иликтөөсүнүн айланасында комментарий сурап кайрылгандардын көп болгондугуна байланыштуу Президенттик Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева билдирүү жасады.

Президент Сооронбай Жээнбековдун ушул жылдын 2-ноябрындагы ММК өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда «Азаттык» радиосунун Бишкектеги бюросунун жетекчиси Айзада Касмалиева Жээнбековдун Хабибулла Абдукадыр менен болгон тааныштыгы тууралуу суроо берип, жооп алган.

Кийин биз кененирээк комментарий берип, анда белгиленгендей, Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун губернатору болуп иштеп турган 2012-жылы Ош шаарында инвесторлорду тартуу максатында «Кичи жана орто бизнести өнүктүрүү» деген Инвестициялык форум болгон.

Ага 300дөн ашык адам катышкан. Эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнөн тышкары Орусия, Кытай, Иран, Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Түштүк Кореядан расмий өкүлдөр жана ири ишкерлер келишкен.


700 млн долларга Кыргызстанда кайсы иштер бүтмөк? (тизме)


Ош областы экономикалык, гуманитардык кызматташуусун тереңдетүү максатында жакынкы өлкөлөрдүн облустары менен байланыштарды чыңдаган. Алардын катарында Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автономдук областы менен достук мамиле түзгөн.

Жогоруда аталган 2012-жылы өткөн инвестициялык форумга Кызыл-Суу Кыргыз автономдук облусунун губернатору Фархат Турду менен чогуу Х. Абдукадырдын иниси келген, ошондо таанышкан.

Форумдан кийин Жээнбеков ал экөө менен чогуу ошол кездеги өлкөнүн Президенти Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болушкан. Кийин, 2017-жылы иниси аркылуу Атамбаев жана Жээнбековдун Х.Абдукадыр менен жалпы таанышуусу болгон. Андан кийин алардын Алмазбек Атамбаев менен мамилеси кандай өнүктү, бул тууралуу Жээнбековго белгилүү эмес.

Журналисттик иликтөөдө «бул иштердин активдүүлүгү 2012-2016-жылдарга тиешелүү» деп белгиленген, тактап айтканда бул Алмазбек Атамбаевдин президент болуп турган маалы.

Коомчулукка белгилүү болгондой, 2018-жылдын 8-февралындагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында Президент Сооронбай Жээнбеков укук коргоо органдарынын ишин ачык сынга алган.

Иш жүзүндө, жалпысынан системаны жана иликтөөдө келтирилген схемаларды жаңы Мамлекет башчысы кабыл алган эмес.

Анын жыйынтыктары белгилүү — бүгүнкү күндө Атамбаев ага коюлган 5 айып боюнча тергөөдө.

Ар кандай күчтөр Президент Сооронбай Жээнбековду бул журналисттик иликтөөдө айтылган чөйрө менен байланыштырууга аракет кылат деген пикирдебиз.

Ошондуктан, Президент Сооронбай Жээнбековдун Х.Абдукадыр менен чогуу бизнес-долбоорлору болгон эмес жана жок экендигин расмий билдиребиз.

Андай байланыштары болсо, иликтөөнүн авторлору буларды тастыктаган өз жүйөөлөрүн сөзсүз келтирмек.

Материалда маанилүү аргумент катары Х.Абдукадырдын Жээнбековдун инаугурациясынан тартылып алынган сүрөтү келтирилип жатат. Мында элдин эмоциялык кабыл алуусуна таасир этүү аракети көбүрөөк. Бирок, бул эмоционалдык штрих дагы негизсиз.

Анткени, өлкөнүн шайланган Президенти Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясын уюштуруу иштери, анын ичинде чакырылгандардын тизмесин түзүү жана отургузуп, жайгаштыруу маселелерин толугу менен Атамбаевдин Аппараты тескеген.

Жээнбековго бөлүнүп берилген орундар чектелүү болгондуктан, ал туугандарын гана чакырган.

Белгилүү болгондой, Президент Жээнбеков журналисттик иликтөөлөр коомчулукка, укук коргоо органдарына жана Президентке өлкөнү өнүктүрүүгө тоскоол болгон башкы көйгөй — коррупция менен күрөшүүгө жардам берерин ар дайым белгилейт.

Ошондуктан материалда келтирилген жагдайларга көңүл бурулат.

Албетте, укук коргоо органдар материалда айтылган жүйөөлөрдү эске алат.

Буга чейин Башкы прокуратура Түркиянын Башкы прокуратурасына Айэркен Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча ишти иликтөөдө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган.

Саймаитинин ысмы Кыргызстан менен байланышып жаткандыктан, анын Кыргызстандын жараны эмес экендигине карабастан, кыргыз тарап анын өлтүрүлүшүн иликтөө иштерине катышат.

Copyright © 2017 Maral FM