Биз менен байланышыңыз

700 млн долларга Кыргызстанда кайсы иштер бүтмөк? (тизме)

Кыска кабар | 30 мая 2019 | 4872 | 4

«Азаттыктын» кабарчысы Али Токтакунов Матраимовдордун мүлкү тууралуу иликтөөсүн жарыялады. Анда 2011-2017-жылдары Кыргызстандан банктар аркылуу 700 миллион доллар чыгарылганын журналист жеке булактарга таянып айткан.

Эми ошол акчалар тууралуу кызыктарды сиздерге сунуштайбыз.

Элестетиңиз, сизде 100 миллион доллар акчаңыз бар дейли, бул дегени айтканга оңой болгону менен, чындыгында анын салмагы жана көлөмү бир топ эле олуттуу маселе. Себеби, мындай көлөмдөгү акчаны бир адам көтөрүп кете албайт. Тактап айтканда, көлөмү бир тоннаны түзөт. Ал үчүн жүк ташуучу унаа чакыртуу (же дароо эле сатып алуу) керек.

Ал эми бир миллиард доллар акчанын көлөмү канча болот? Бул эми өтө олуттуу маселе. Анткени, мындай акчага фура же жүк ташуучу контейнер зарыл. Себеби, анын салмагы он тонна. Эми салыштыруу үчүн: эгер сиз бир миллиард долларыңызды үйгө сактайм десеңиз, анда ага 30 чарчы метр аянттагы чакан батир керек болот. Тактап айтканда, батирдин полунан шыбына чейин акчаны тизип чыгууга туура келет. Демек,  Кыргызстандан 700 млн. доллар чыгарылган болсо, бул 7 тонна акча чыгып кетти дегендик.

Иллюстрациялык сүрөт

Эми биз ошол 700 миллион АКШ долларына кандай жумуш бүтүрсө болорун эсептеп көрөлү.

-Кыргызстанда учурда 200 мектепке, 600 бала бакчага муктаждык бар.

-100 орундуу бала бакчаны 30 млн. сомго курса болот. Аймактарда мындан 2-3 эсеге арзан курулгандары да бар. Орто эсепти 30 миллион сом деп алып, долларга которгондо 435 миң болот. Ушундай бала бакчадан 600дү курганда 261 млн. 300 миң АКШ доллары сарпталат.

Иллюстрациялык сүрөт

-320 окуучуга ыңгайлашкан мектепти 97 миллион сомго курушту. Аны 100 миллион деп тегеректеп, долларга которсок, 1 миллион 450 миң болот. Ушундай мектептен 200дү курсак 290 млн доллар.

Иллюстрациялык сүрөт

Социалдык блогдун эки маселесин чечүүгө 551, 3 млн. доллар кетти. Бирок Матраимовдордун 148,7 миллион доллары «турат».

-Ошто Кытай гранттын негизинде 150 адамга ыңгайлашкан оорукана салган. Ошондойдон 5ти курганда Матраимовдун акчасы араң түгөнөт экен.

-700 000 000 долларга эгер заманбап стадион салабыз десек, 30 миң адамга ылайыкталган, бардык заманбап шарты менен 23 стадион курулмак. (ар бири 30 млн доллардан)

Иллюстрациялык сүрөт

-77 000 миң күнөскана. Себеби, 5 сотых жерге бир күнөскана салганга орточо 10 миң доллар кетет.

Иллюстрациялык сүрөт

-Боинг 737-700 учагынан 9ду (ар бири 80 млн. доллар) сатып алса болот. Эң кымбат учак Аirbus A-350 маркасынан 2ни сатып алганга жетмек (ар бири 350 млн доллар).

-Тажикстан Нурек ГЭСин толук модерндештирүү үчүн учурдагы техникалык-экономикалык негиздемесин эске алганда, $ 700 млн. доллар акча каражатын коротууда. Белгилей кетсек, Нурек Борбор Азиядагы эң ири ГЭСке айланууда.

-Кыргызстанда рак менен жабыркаган айымдарды дарылоо үчүн 20 «линейный ускоритель» аппараты керек. Анын ар бири 3,5 миллион доллар. 700 млн. долларга 200 «линейный ускоритель» сатып алса болот.

Иллюстрациялык сүрөт

-Дагы бир кызык, ошол акчага 700 000 IT-адисин даярдасак болмок.

Иллюстрациялык сүрөт

-Эгерде саясатташтырып карасак, президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо учурундагы штабынын үгүт үчүн кетирген каражаты 158 млн. 96 миң 175 сом, же 2 млн. 291 миң 248 АКШ долларын түзгөн. Матраимовдун 700 млн. долларын шайлоого короткондо, Сооронбай Жээнбеков 305 жолу президенттикке ат салыша алмак экен.

4 пикир

4 пикир

  1. Токур

    30.05.2019 20:37

    Далили болгон болсо, куч.органдары текшерип чара корбойбу

  2. Шаршенаалы

    31.05.2019 09:15

    Бизде журналисттерден болоктору мындай чон коррупциялык иштерди ачыка чыгара албай калышты,абдан окунучтуу, АКСти жою кк

  3. Isa

    22.11.2019 17:26

    Матраимовдун 700 млн. долларын шайлоого короткондо, Сооронбай Жээнбеков 305 жолу президент болмок экен.

    😀

  4. Элчибек

    24.11.2019 19:32

    Кыргызстан уруулардын олкосу болуп баратат.Бийлик эн алсыз. Кошунуларга уят болдук.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM