Биз менен байланышыңыз

Стамалиева: Жээнбеков жеңди дегенде, Фарид Ниязов кубанган эмес

Кыска кабар | 9 Апр 2019 | 988 | 0

Президент Сооронбай Жээнбековдун маалымат катчысы Толгонай Стамалиева экс-президент Атамбаевдин Жээнбековго койгон дооматтары боюнча жооп кайтарды. Анда ал Атамбаев менен Жээнбековдун ортосундагы мамилеси жана саясаттагы жүрүштөрү тууралуу окуялар тизмегин баяндаган.

Стамалиеванын айтымында, 2017-жылдагы президенттик шайлоо кампаниясы башталганда эле штабда (КСДП партиясынын штабы) экиге бөлүнүү байкалган. Жадагалса ошол кезде президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун жеңип чыгаарын «айрымдар» өздөрү да ишенген эмес,- деп билдирет Стамалиева.

«…Ошентип, үгүт иши башталды. Талапкерди жандап, чакан — журналист, сүрөтчү, телеоператорду кошкондо 9 адамдан турган пиар топ менен, республиканы кыдырып кеттик. Үгүт иши башталганга чейин Талапкер аймактардагы агитаторлор менен жолугушуп, аймактык штабдарды кыдырып кайткан эле.

Анда көзгө урунган эки негизги жагдай:

1. үгүтчүлөрдүн аздыгы. Жергиликтүү активисттер, «негизги атаандаш Бабановдун агитаторлору баланча райондо мынча, биздики дээрлик эки эсе аз деп» безеленишти.

2. Көчөлөргө, дүкөндөрдүн, үйлөрдүн дубалына илинчү баннерлердин, плакаттардын аздыгы жана көлөмүнүн кичинекейлигин айтып чырылдашты.

Айткандай эле, аймактарды кыдырган үгүт кампаниясынын алгачкы күндөрүндө дароо эле көзгө урунган нерсе – талапкерлер Бабанов менен Сариевдин кеминде узун-туурасы 4х6 метр плакаттарынын жанында биздин талапкердин узун-туурасы 1,5х2 метрдик плакаттары болду.

Муну мен кийин «Жээнбековдун канча бир миң доллары» деген «Форумдун» тизмесин көргөндө дагы бир эстеп, «аттиң, ушул акчалар неге ошондо үгүт материалдарына, агитаторлорго пайдаланылган эмес, эмнеге өлкөнүн ири партиясынан аттанган фаворит Талапкердин пиар группасы ашуу, белдерде кеминде 4 ирет бузулуп, аз жерден кырсыкка кала тургандай калдыраган-шалдыраган автоунаа менен жүрдүк?» деп, өзүмө өзүм суроо бергем.

Анан дагы мени ошол тизмеде «блогерлерге жумшаган» деген статья менен «миллионер» кылгандарына күлүп гана тим болгом. Талапкер менен аймактарды кыдырып жүрсөм, кайдан офисте отурган диван-блогерлерди тескемек элем?

Ошол тизмедеги көрсөтүлгөн суммадан 6 миң сомго (!) – Талапкердин фотосессиясына гример чакырганымды жана Талапкердин сөзүнүн тезистерин орусчадан кыргызчага которгон адиске 16 миң сом (!) гана алганымды айтып койчу мезгил мына бүгүн келди көрүнөт.

Болбосо, Жээнбековго каршы кара пиардын жүрүшүндө ого эле көп акча жумшагандардын катарында менин да атым соцтармактарда аталган. Баса, Талапкердин өмүр баяны тууралуу үгүт материал катары бир гана фильм тартылган.

Ал фильмдин авторлоруна Штаб бир тыйын да төлөп берген эместигин айтып коюшум абзел. Автордук топтун калем акысын кийин, Жээнбеков президент болуп келген соң өзү төлөп берди.

Негизи эле өзүнүн талапкерине Штаб акыркы күнгө чейин жат адамдай мамиле кылганын мен жон терим менен сезген учурлар абдан көп болду. Штабдагы адистердин бирөөсү, бир ирет мага «мен Жээнбековдун эмес, анын оппонентинин штабында иштеп жаткандаймын. Здесь в штабе почти не верят в победу Жээнбекова, все вдохновлены его оппонентом» деп, тамаша-чынга салып айтканы эсимде.

Жада калса штабдагылардын арасында «Жээнбековдун штаб жетекчиси Ниязов өзү жеке Бабанов менен жолугуп, пиар иштери боюнча кеңешип турчу» деген күбүр сөз үгүт иштери бүткөнчө басылган эмес.

“Талапкерге жат адамдай мамиле” деген жагдайдан дагы бир сүртүм.

Эртең Өмүрбек Бабанов менен теледебат деп даярданып жатканбыз.

Бир убакта менин иш кабинетиме Кыргызстандын сыртынан Штабга консультант болуп келген Вера аттуу адис келип, «Кандидат завтра проиграет. Поэтому ему не стоит идти на теледебаты» деди. «Отказ от теледебатов – это почти проигрыш» дегениме : «Лучше не идти, чем с позором проиграть на дебатах» деп жанымды кашайтты.

Колдоону сезбей, ачууланган абалымда «Мой кандидат размажет Вашего Бабанова» деп айтканым эсимде…

Ошентип, ызасы, жеңиши аралаш үгүт иштери аяктап, добуш берүү күнүнө жеттик.

Өлкөдө «шайлоо биринчи тур менен жыйынтыкталбайт, экинчи тур болот» деген божомолдор күч алган.

Жада калса Штаб дагы экинчи турга шымаланып даярданган.

Аймактардан кайтып келип, 1-2 ирет жыйындарга катышып калганымда Штабдын билермандары «бул ишти 2-турда жасайбыз» деп ишенимдүү пландашаар эле.

Андай учурда маанайым чөгүп, бирок Талапкерге ишеним артып, кайрадан керемет Кыргызстаныбыздын аймактарына аттанаар элек.

Кийин, добуш берүү күнү кечинде, саат 20.30 тарда шайлоонун алгачкы жыйынтыгын штаб жетекчиси Ниязовго мен угуздум.

Кабинетине кирип барып, «Мы выиграли» деп кыйкырган кубанычыма суу сепкендей болду.

Анткени, Ниязовдун өңүндө кубануу эмес, таң калуу турду.

Коридорго чыгып, чуру-чуу түшүп кубанып жаткан штабчыларга : «Это здорово. Но прошу разойтись по кабинетам, еще подождем» деди.

Менде «Же Ниязов ушунча токтоо адам, же Штаб 2-турдун болбой калганына өкүнүп жатабы?» деген күдүк ой жаралды.

Негизи, Штабдын маанайын, дараметин жана өзүнүн коммуникациялык мүмкүнчүлүктөрүн жакшы билген Талапкер үгүт иштеринде аймактарды кыдырып, шайлоочулар менен жолугушууга басым жасап, туура жолду тандаган экен деп ойлойм.

Кыргызстанды бир ай бою түрө кыдырып чыгуу менен, шайлоочулардын жүрөгүнөн «от сердца к сердцу» деген принципте орун алды деп айта алам.

Ошондуктан, кечээки союздаш, бүгүнкү оппоненттерибиздин «Жээнбековдун 3 пайыз рейтингин 54 пайызга биз жеткирдик» деген аргументи ушинтип өзүнөн өзү жокко чыгат.

Эгер Штаб шымаланып, чын дили менен, аркы жээк, берки жээкке чарпылбай иштесе, 54 пайыздан да көп добуш алуу мүмкүнчүлүгү ал күндөрү чоң эле.

Албетте, Штаб өз милдетин аткарган. Өзгөчө, катардагы активисттер, аймактардагы агитаторлордун эмгеги чоң.

Бирок, талапкердин жеке сапаттары, басып өткөн өмүр жолу, эл арасындагы кадыр-баркы чечүүчү роль ойноорун теоретиктер да, практиктер да тастыктайт»-деп жазат Толгонай Стамалиева.

Президенттин маалымат катчысы Атамбаевге жооп кайтарды (толук текст)

Copyright © 2017 Maral FM