Биз менен байланышыңыз

Жан дүйнөнүн КИРПИГИН өстүрбөйлүбү?..

Блог | 9 Апр 2019 | 1502 | 1

(Сиӊдиме жазган каттардан)

СИⱧДИМ, мен сени жакшы көрөм… Мен сиӊдилерим үчүн ушул кадамды жасоону туура көрдүм. Сен биз жасаган каталарды жасаба. Суранам!!! Сен — эртеӊки энесиӊ. Сен — улуттун уюткусу болосуӊ. Сен — адам тарбиялаган мектепсиӊ. Сен — адамзаттын №1 мугалимисиӊ. Сен — таманына бейиш айланган ЫЙЫК затсыӊ, сулуу жарсыӊ. Сен — мамлекетти, ааламды оӊдой турган эӊ негизги АДАМсыӊ. Өзүӊдүн табиятыӊа кайт. Карыбаган сулуулуктун сырын ачайын…

«Дүйнөнү сулуулук гана сактайт», бирок дүйнө сулууну сактай алабы?.. Жок! Сулуу өзүн сакташы керек экен.

Ал эми сен менин бул сөзүмдөн улам сулуу гана кыздарды ойлошуӊ мүмкүн. Андай эмес. Жараткан ар бир аялзатын сулуу, мээримдүү, назик жана жыттуу кылып жараткан. Алардын сулуулугу кошулган кирпиги, боёлгон көздөрү, терилген каштары, өстүргөн тырмактарында эмес. Алардын сулуулугу ички, сырткы тазалыгында,тыкандыгында, тереӊ ыйманында, назиктигинде, уяӊдыгында, дене сулуулугун бир гана сүйгөн адамына ыраа көргөн аярлыгында, мээрим баатыры болом деген изги тилегинде.

Адам баласы 27 жаштан кийин денесиндеги сулуулуктан акырындап ажырай баштайт. Мөлтүрөп бышкан жүзүм сымал жүздөрдү бырыш басат, ичке белдер сынын жоготот, кара чачтарды ак аралайт, колуӊа, моюнуӊа мезгил өз изин салат. Сен бул өктөм чындыкка каршы тура албайсыӊ. Мезгил өзүнүкүн алат. Сулуулук каражаттарын ойлоп табуучулардын дүйнөдөгү өкүлдөрүнүн бири дагы түбөлүк жашартуучу бет майды таба элек. Сырткы сулуулук, ар бир аялзатынын негизги жашоо принциби болгон болсо, бул сөзсүз урайт, сынат, жоголот…

Мен да сулуу болгусу келген аялзатымын. Мен да сен сыяктуу күн сайын сулуулугумду сактап калуу үчүн далбас урдум. Издедим, окудум. Башкалар катары эле сүйгөн адамым үчүн дүйнөдөгү жалгыз супсулуу аялзаты мен болгум келет. Башка сиӊдилерим да, курбуларым да дүйнөдөгү жалгыз ХАНЫША болгулары келишет. Бирок бул туура, биз сулуубуз, анткени аялзатыбыз. Дүйнөдөгү ниети жаман көп топтор бизди талкалоо менен алек экен, кел өзүбүздү өзүбүз коргоону үйрөнөлү.

Бир гана Ыйык китептер адамзаттын изги жолун чийип берет. Бир гана Ыйык китептерде аялзатынын чыныгы кадыры бааланат. Бир гана Ыйык китептерде аялзатынын даражасын, сулуулугун, бийиктигин коргоого үндөйт. Адамдар ЫЙЫКтыктарга таш уруу менен алек, бурмалоо менен алек, жек көрдүрүү менен алек. Так кесе айтканда, адамзатты ойлогон мырзалар аялзатын коргошу керек. Менин сүйүктүү элим болгонуна карабай, кыргыздардын каада-салтында да аялзатына абдан көп зулумдук жасалат. Кордолот. Арада малай-кул сыяктуу жашап аткан кыргыз аялзаты бар. Себеби биз мусулманбыз, улуу элдин урпактарыбыз деп көкүрөк койгулаган менен ТУУРА ЭМЕС жолдобуз. Жолубузга баам салбайлыбы, урматтуу, алтын сиӊдим?..

Кел, ойлонууну жөнөкөй гана жолдордон, башкача айтканда, КИРПИКТЕН баштайбыз. Менимче кирпик коштурууга кеминде 1000 сомдон ашык акча кетет. Ал кирпик убактылуу гана сизди сулуулайт, бирок ал арада жабышкан кирпикке көп суу тийгизбөө керек, жабыштырылган клей көзүӊдү кычыштырып мазеӊди алат, баарынан жаманы түшкөндө өзүӊдүн табыгый кирпигиӊди түп тамыры менен жулуп түшөт да, кирпигиӊ суюлуп, мурдагыдан да аз кирпиктүү кыз болуп каласыӊ. Анан кайра-кайра кирпик коштуруп туруу керек болот. Туурабы?

Мүмкүн ушул өтө жарнамаланган, азыркы күн үчүн абдан жагымдуу сезилген келесоолукка чекит коюп, кирпик коштурууга кеткен акчанын бир бөлүгүнө КИТЕП сатып алып, бир бөлүгүн ким бирөөнүн көӊүлүн алууга, курсагын тойгузууга жумшасаӊ, бул кирпик коштуруудан алда канча күчтүү рахат тартуулайт эле.

Улам- улам сатып алып топтогон китептериӊден түзүлгөн китепканаӊ бир гана сага эмес, балдарыӊ үчүн баа жеткис эӊ чоӊ байлагыӊ болуп калмак. Мени китептер жана китеп сыяктуу мыкты инсандар сулуулады. Мен карыбаган сулуулук тапкан аялзатымын (мурунку күндөрүмө уялам). Карыбаган сулуулук-бир гана жан дүйнөдө, жүрөк түпкүрүндө, кылган сабырда, көрсөткөн даанышмандыкта, үнсүз улуулукта, баарына тереӊ, калыс караган көздө болот.

Сырткы сулуулук күн сайын урап, талкаланып, соолуп турган кезде, ички сулуулук күн сайын куралып, бийиктеп, гүлдөп, көрктөнүп кете берет. Жараткан чыныгы АЯЛЗАТЫНЫН табият берген насилине кайтууну кыргыз кыздарына насип кылсын!

А баса, чыныгы кыргыздар үчүн, бели ичке, оозу-көзү боёлуп, кирпиктери кошулган кемпир эмес, балпайган, ак жоолуктуу, оозунда акылдуу кеби, «АЛДЫⱧА КЕТИП КАЛАЙЫН» деген алкоо сөзү бар ЭНЕ таасирдүү, сыйлуу боюнча калат!

Тереӊ урматым менен: журналист Жазгүл Жамангулова

1 пикир

1 пикир

  1. Э

    10.04.2019 00:29

    Өзүн кабыл алалбагандарга кайндай кеңеш берет элеңиз. Самооценканы кантип көтөрсөк болот. Жана өзүбүздү өзүбүз канткенде кабыл ала алабыз???

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM