Биз менен байланышыңыз

Жапаров: ЕАЭБде биздин кызыкчылыктар каралбай калган

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Апр 2019 | 670 | 0

Казак тараптын чек ара көзөмөлүн күчөткөнүндө эч кандай саясат жок. Бул жерде экономикалык кызыкчылык бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ЕАЭБдин алкагында Кыргызстанга берилген жеңилдиктердин мөөнөтү бүттү. Андыктан мындан ары чек арада товарлар тыкыр көзөмөлдөнөт. Кыргыздар ага даяр болуп, иреттүү иш алып барууну үйрөнүшү керек.

«Кемчилик биз тарапта, тагыраагы, өкмөттүн структураларында. Бажычылар ишкерлерге жардам берип, аларды бөлөк жерде кор кылбай, тиешелүү документтерин Кыргызстандан даярдоого көндүрүшү зарыл. Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал боюнча Кыргызстандын ЕАЭБдеги өкүлдөрүнөн  ынанарлык жооп ала албадык. Биримдикке шашылыш киргендиктен, биздин кызыкчылыктарды коргогон механизмдер каралбай калган», — дейт Жапаров.

Эл өкүлү буга кошумча чыгымга дуушар болгон ишкер компенсация алуу үчүн алгач салык төлөөгө тийиш экенин эскертти.

Белгилей кетсек, 19-марттан тарта кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек-Автожол» көзөмөл өткөрүү бекетинде казак тарап транспортторду текшерүүнү күчөткөн. Мындан улам чек арада 300гө жакын жүк ташуучу унаа кезекте туруп калган.

Copyright © 2017 Maral FM