Биз менен байланышыңыз

Кытай Өзбекстанга чакан ГЭСтерди курууга 25 млн. доллар жеңилдетилген насыя берет

Кыска кабар | 8 Апр 2019 | 838 | 0

Өзбекстан Самарканд облусундагы Даргом каналына эки чакан гидроэлектростанцияны Кытайдын жеңилдетилген насыясына курууну пландап жатканын «Trend» маалымат агенттиги жазды.

Долбоорду ишке ашырунун максаты: энергияны алуунун жолдорун жаңылоо, энергетикалык ресурстардын балансын жогорулатуу жана электр энергиясына болгон керектөөлөрдү толугу менен камсыз кылуу болуп саналат.

Жаңы курула турган чакан ГЭСтер Кытайдын соода министрлигинин насыясынын эсебинен курулмакчы. Долбоорго жалпысынан 30 миллион доллардан ашык каражат бөлүнөт. Гидроэлектростанциялар 2021-жылдын аягында курулуп бүтүүсү пландалууда.

Кытайдын Эксим банкы долбоорду ишке ашырууга жалпысынан 25 миллион доллар өлчөмүндө, ал эми Өзбекгидроэнерго 5,8 миллион доллар каражат бөлөт.

Жыл сайын ГЭСтердин бири 37,8 млн. кВт/с электр энергиясын иштеп чыкса, экинчи ГЭС 34,3 млн. кВт/с иштеп чыкмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM