Биз менен байланышыңыз

Текебаев чыкса, Атамбаев менен биригеби? Шыкмаматовдун жообу

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Апр 2019 | 1052 | 0

Өмүрбек Текебаев камактан чыкса, Алмазбек Атамбаев менен биригери тууралуу маалымат атайын ойлонулуп чыгарылган. Экс-президент муну менен Текебаевди түрмөдөн чыгарбоо үчүн азыркы бийликке кулак кагыш кылып жатат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Буга чейин саясатчы Равшан Жээнбеков «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев камактан чыкса, Алмазбек Атамбаев менен биригерин жар салган болчу. Бирок Шыкмаматов мындай маалыматты четке кагып, бул Равшан Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин ойлоп тапкан амалы экенин айтты.

— Равшан Жээнбеков да, Атамбаев да күчтүү саясатчы. Аларга Текебаевдин камакта отурушу майдай жагып жатат. Ошол үчүн аны түрмөдөн чыгарбоонун жолун издеп, азыркы бийликке кулак кагыш кылып жатат. Текебаев чыкса, Атамбаев менен кантип кошулсун?

Буга кошумча, Текебаев эркиндикке чыга турган болсо, Атамбаевдин мурунку кылган иштери боюнча маалымат ачыкка чыгып, экс-президенттин саясий репутациясына доо кетерин айтты. Ошондуктан Текебаевдин камакта отурушуна биринчи кезекте Атамбаев кызыкдар экенин белгиледи.

 

Copyright © 2017 Maral FM