Биз менен байланышыңыз

«Ата Мекен» фракциясы өкмөттүн отставкасын талап кылат

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Апр 2019 | 892 | 0

Азыркы Өкмөттүн көзгө басар жыйынтыгы боло элек. Мындай бааны Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов «Марал» радиосунда маектешип жатып берди.

Анда ал аткаруу бийлигинин миграция, инвестиция тартуу, чек арадагы жана башка тармактагы көйгөйлөрдү чече албаганын сындады.

— Саясий упай топтойлу деген ниетте айтып жаткан жокмун. Чындык ушундай. Ишенбесе, элден сурап көрсүн, баары ушул бааны берет. «Ата Мекен» фракциясы өкмөткө «2» деген бааны берип, алардын отставкасын талап кылабыз. Өкмөттү түзгөн көпчүлүк коалицияны да уятка чакырабыз. «Жогорку жактан айтты деп эле мажирөө өкмөттү колдогонуңарды токтоткула!» — дейбиз.

Кошумчалай кетсек, Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт өткөн жылдын 20-апрелинде ишке киришкен. Бул курам Кыргызстандын 30-өкмөтү экендиги маалым.

Copyright © 2017 Maral FM