Биз менен байланышыңыз

Баткен: Айыл чарбанын мыктысы Алтынай Солтонова

Коом | 8 Апр 2019 | 763 | 0

Баткендик Алтынай Солтонова орто мектепти аяктары менен трактор айдап, айыл чарбанын сырын мыкты өздөштүргөн. Ал учурда дыйканчылык-багбанчылык чарбаны жетектеп келет. 

Алтынай Солтонова орто мектепти аяктаары менен 1976-жылы трактор айдап, комсомолдук бригадада эмгек жолун баштаган. Ошол убакыттан бери айыл чарба тармагында талыкпай эмгектенип келет. Учурда өзү түптөгөн чарбаны эркектерден кем калышпай алдыга сүрөө менен алек.

— Бул жерде азыр алманын «Хрипсон»,»Звездочка», «Голден грин» деген 3 түрүнөн 120 түп отургузганбыз. Андан тышкары, гиластын «Ташкент-4» деген сорту бар. Кирешени табуу үчүн адам талбай эмгектениши керек. 

Каарманым жыл сайын дыйкан чарбасынан 10 млн. сомго жакын киреше табат. Мындай ийгиликке жетиш үчүн тынбай эмгектенүү керектигин айтат. 6 гектар жер аянтына өрүк, алма жана гилас өстүрөт. Ижарага алган 10 гектар жер аянтына жүгөрү айдайт. Өзү жетектеген чарбаны үй-бүлө мүчөлөрү менен гана иштетип, түшкөн каражаттан 3 трактор жана курал-шайман сатып алган. Жаш кезинде техника менен чоңойгондуктан, союз кезиндеги трактор менен жаңы үлгүдөгү трактордун айырмасын жакшы билет.

-Ал кездеги тракторлордун азыркыдай алдыңкы дөңгөлөктөрү тартпайт эле. Рулу да катуу болчу. Азыркы тракторлордун төрт дөңгөлөгү бирдей тартат. Рулу да гидравликалык жумшак. 

Алтынай Солтонова 3 уул, 1 кызды тарбиялап өстүрүп, учурда неберелеринин бактылуу чоң энеси. Кыз-келиндерине ашканадан тартып, айдоо-себүүгө чейин үйрөтөт, — дейт келини Касиет Колдошова.

— Бир гана аялдарга эле эмес, эркектерге да тиешелүү жумушту кошо үйрөтөт. Буга чейин мен жер менен иштеп көргөн эмесмин. Азыр үйдүн да, эшиктин да ишин бирдей кылганды үйрөндүм. 

Күнүмдүк тамак-ашка керектелүүчү азык-түлүктү өз чарбасынан өндүрүп, экологиялык жактан тазалыгына маани беришет. Мындан улам каарманыбыздын үй-бүлөсү базарга дээрлик каражат коротушпайт. Колунда жок үй-бүлөлөргө да ар кандай колдоолорун көрсөтүп, жардамын да аябайт.

— Биз базардан кумшекер менен чай гана сатып алабыз. Калган нерсенин баарын өзүбүз өндүрөбүз. Өзүбүз өндүрүп жеп отурабыз эле дебей, Кара-Булак айыл өкмөтүнө караштуу 10 үй-бүлөнү шефке алганбыз. Ошолордун бир гектарга чейин жерлерин айдап, бекер эгип сээп беребиз.

Өз өмүрүн айыл чарбасына арнаган Алтынай Солтонова жараткан ийгиликтеринин арты менен көптөгөн сыйлыктарга татыган. Президенттин «Ардак грамотасынын» ээси, «КР айыл чарбасынын отличниги».

Copyright © 2017 Maral FM