Биз менен байланышыңыз

“Qazaq Air” авиакомпаниясынын алгачкы учагы “Манаска” конду

Кыска кабар | 8 Апр 2019 | 503 | 0

«Манас» Эл аралык аэропорту Казакстандын Алматы шаарынан учкан «Qazaq Air» авиакомпаниясынын алгачкы каттамын кабыл алды. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы бүгүн кабарлады.

Казакстандын аймактык авиакомпаниясы Бишкек — Алматы багыты боюнча жаңы аба каттамын баштап, алгачкы учагы Бишкекке 5-апрелде конгон.

Авиакаттам аптасына эки жолу: жума жана жекшемби күндөрү жүргүзүлөт.

Ушул жылдын май айынан тарта «Qazaq Air» авиакомпаниясы Алматы – Ош жаңы аба байланышын ачууну пландап жатканын «Манас» аэропортунун маалымат кызматы кошумчалайт.

Copyright © 2017 Maral FM