Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек ара тилкесин аныктоо уланат

Кыска кабар | 8 Апр 2019 | 478 | 0

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган Өкмөттүк делегация 4-апрелден 6-апрелге чейин Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жыйынга катышты.

Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү бүгүн билдирди.

Жыйында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын тактала элек участкаларынын долбоордук сызыктарын түшүрүүнү улантуу, чек ара тилкесинде камтылган жана ар кай жерде жайгашкан участкаларды жоюу максатында өлкөлөр ортосунда жер участкалары менен алмашуу жана мамлекеттик чек аранын биргелешкен тилкелеринде туруктуулукту камсыздоо, ошондой эле ири масштабдуу делимитациялык топографиялык карталарды түзүүнү аяктоо маселелери талкууланды.

Тажикстан делегациясын премьер-министр Азим Иброхим жетектеди.

Тараптар өз ара пайдалуу негизде тажик-кыргыз мамлекеттик чек ара сызыктарын аяктоого даярдык билдиришкени айтылууда. Бул чектеш аймактардагы туруктуулуктун жана коңшулаштыктын кепилдиги болот деп сыпатталат.

Copyright © 2017 Maral FM