Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Бийлик кландык башкарууга жол берип жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Апр 2019 | 447 | 0

Саясатчы Равшан Жээнбеков «Марал» радиосуна берген маегинде бийлик кландык башкарууга жол берип жатканын билдирди.

Анын баамында, кландын өкүлдөрү президент Сооронбай Жээнбеков менен соодалашып кызматка келүүдө. Бийлик жашыруун түрдө кландык башкарууну таңуулап жатат.

«Ар бир аймактын, кландын өкүлдөрүн тартканга аракет кылып жатат. Президент эч качан бирөөлөрдү жашыруун кызматка койбойт. Кызматка дайындап жатканда, кызматкердин жөндөмүн кошо айтышы керек. Буга кошумча, Асылбек Шариповичтин да таасири бар. Өкмөт күчтүү эмес, соттордун орду бекем эмес. Мындай мамлекетте президенттин тегерегиндеги адамдар маанилүү болот», — дейт Жээнбеков.

Ал мындан сырткары, өлкөдө саясий абал кескин өзгөргөндүктөн, мамлекеттин ички саясаты да өзгөрүшү керектигин белгиледи.

«Азыр маанилүү маселелердин бири биз таза шайлоо өткөрүүгө аракет кылуу. Бийликке татыктуу адамдардын келишине шарт түзүү зарыл», — дейт саясатчы.

Copyright © 2017 Maral FM