Биз менен байланышыңыз

«Медиа-Форумда» Апрель революциясынын баатырлары эскерилет

Кыска кабар | 6 Апр 2019 | 847 | 0

Бүгүн, 7-апрелде «Медиа-Форум» имаратынын алдында КСДП партиясы  Апрель революциясынын баатырларын эскерүү иш-чарасын өткөрөт. Бул туурасында КСДПнын маалымат кызматы билдирди.

Элдик революциянын 9 жылдыгына арналган иш чара саат 12:30да башталат. Эскерүү митингинде маркумдарга багышталып куран окутулат.

Ошондой эле, митинг-реквиемде экс-президент Алмазбек Атамбаев жана башка коомдук жана саясий ишмерлер сөз сүйлөмөкчү.

 

Copyright © 2017 Maral FM