Биз менен байланышыңыз

«7- апрель максатына жеткен жок…»

Саясат | 5 Апр 2019 | 673 | 0

Чындык деп чыркыраган эл 2010-жылдын 7-апрелинде үй-бүлөлүк башкарууга, коррупцияга каршы көтөрүлүшкө чыккан. Мындай чоң талаптардын артында кан төгүүлөр да болуп, революциянын соңу Президенттин качып кетүүсү менен аяктаган. Катаал бийликке каршы чыккан кайран элдин андагы максат-мүдөөсү аткарылдыбы?..

2010-жылдын 7-апрели — Кыргызстандын тарыхында орду чоң дата. Анда эл коррупцияга малынган, калктын камын ойлобогон бийликке каршы чыгышкан. Кан берип, жан берип кармашып жатып жеңишке жетишкен. Бирок, «Ошол революция өз максатына жеттиби?» — деген суроого дале так жооп жок.  Апрель элдик роволюциясынын катышуучусу Айбек Мырза бийликте эч кандай өзгөрүү болбой жатканын айтат.

— 2010-жылы биз адилеттүү бийлик орнотуп, бакубат жашоону алып келебиз деп чыкканбыз. Өкүнүчтүүсү, биз ойлогондой жыйынтык болгон жок. Бардыгы баягы эле бойдон. Көп нерсе барып-барып кайра эле карапайым элге такалат экен да. Бүгүнкү бийлик жок дегенде коррупцияны жойгонго, таза болбосо азайтканга аракет жасаса болмок.

Элдик революция өз максатына жеткен жок деген ойду ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров да колдойт. Революциядагы эң башкы максат үй-бүлөлүк, тоталитардык башкаруудан арылуу болгон. «Тилекке каршы бүгүнкү күндө бул система башкача жол менен дагы деле үй-бүлөлүк башкарууда», — дейт Бекназаров.

— Элдик революция максатына жеткен жок. Биз бул тууралуу тогуз жылдан бери айтып келебиз. Революциядагы эң башкы максатыбыз: бийликтеги үй-бүлөлүк башкарууну жоюу болчу. Тилекке каршы, азыр бул система жоюлган жок. Ачык-айкын иш алып барышпаса дагы, баары бир бийликтин үстүндө анын туугандары, жакындары туруп жатат. 2007-жылы Максим Бакиевдер тарабынан түзүлгөн шайлоонун багыты ошол эле бойдон иштеп келе жатат.

Анткен менен демократиялык баалуулуктардын өнүгүүсүнө 2010-жылдагы революциянын салымы чоң. Мындай оюн Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов белгилейт. «Эгерде эл толкуп, көтөрүлүшкө чыкпаганда, коңшулардыкындай саясат улана бермек. Балким, экс-президенттердин ысымдарын айрым шаарларга да коюп алмакпыз», — деген ойдо.

— Коомчулукка ачык ой-пикир айтуубузга; журналисттердин көйгөлөрдү көтөрүп чыгуусуна; оппозициянын калыптанышына эки революциянын тең орду чоң. Таптакыр максатына жеткен жок десек, анда чындыкты унутуп калган болобуз. Маселен, башка өлкөлөрдөй болуп, мурдагы президенттин аттарын Ысык-Көлүбүзгө, борборубузга коюп калмакпыз. Ушул сыяктуу окуялар бизде да көп катталмак.

Анткен менен, революциядагы талаптардын бири да аткарылган жок деген пикирди тарыхчы Өскөн Осмонов четке кагат. Себеби, 2010-жылдагы элди эзген башчыларды кетирүү биринчи максат болчу. Ал нерсе аткарылды. Бирок парламенттик башкарууга мамлекет иш жүзүндө өткөн жок.

— Революциядагы элдин талабы жарым-жартылай аткарылды десек болот. Бирок, элге белгилүү болгон коррупциялык түзүмдөрдүн бетинин толук ачылбай калышы; кан төгүүгө күнөөкөрлөрдүн карматпай качып кетиши; сот ишинин толук аяктабай калышы; карапайым калктын 7-апрелдеги үмүтүн актаган жок деген жыйынтыкка келүүгө негиз берет. Парламенттик башкарууну кагаз жүзүндө гана кабыл алганыбыз менен, мамлекет парламенттик башкарууга толук өтө алган жок. 

А бирок саясатчы Жамгырбек Бөкөшовдун пикиринде, 2005-жылдагы элдик революцияда ишке ашпай калган максаттар 2010-жылдагы революцияда ишке ашкан.

— Бул күн — биздин тарыхта өзүнүн чоң орду бар күн. Себеби 2005-жылда болгон революциядагы көтөрүлгөн талаптар 2010-жылкы көтөрүлүштө аткарылып жатпайбы? Мындан улам, учурдагы Кыргызстандын аз да болсо өнүгүүсү, көп иштердин ачыкка чыкканы — революциянын түздөн-түз тийгизген таасири.

Апрель революциясына быйыл тогуз жылдын жүзү болду. Кийинки жылы «Апрель революциясынын он жылдыгы» белгиленмекчи. Буга даярдыктарды көрүү үчүн Президент Жээнбеков атайын жарлыкка кол койду.

 

Copyright © 2017 Maral FM