Биз менен байланышыңыз

Атамбаев 8-июнда КСДПнын митингине катышат

Кыска кабар | 4 Июн 2019 | 521 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын 8-июнга белгиленген «Коррупция менен реалдуу күрөшүү үчүн» митингине катышат. Бул тууралуу КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

Маалыматка ылайык, митинг «Форум» имаратынын алдында саат 11.00дө башталат.

Митингге партиянын мүчөлөрү, коомдук кыймылдардын, бейөкмөт уюмдардын лидерлери, саясий партиялардын мүчөлөрү чакырылган.

Copyright © 2017 Maral FM