Connect with us

Кубатбек Боронов Апрель революциясы боюнча жыйын өткөрдү

Кыска кабар | 1 Ноя 2018 | 783 | 0

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 2010-жылдын 7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ал эми 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгон, жабыркагандардын туугандарына жардам көрсөтүүнү колго алды.

Анын алкагында аларга социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Аталган окуялардан курман болгон, жабыр тарткандардын жана туугандарынын учурдагы абалы, медициналык көмөккө муктаждар тууралуу маалымат айтылды.

Министр Боронов бул маселе боюнча кеңешмелерди үзгүлтүксүз негизде өткөрүү зарылдыгын белгиледи. Буга байланыштуу тийиштүү министрлик жана ведомстволорго комиссия кабыл алган чечимдерди өз мөөнөтүндө аткаруу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Эскерте кетсек, комиссиянын курамына министрлик жана ведомстволордун жетекчилери, өкмөттүн аппаратынын кызматкерлери, «Мекен шейиттери», «Апрель баатырлары», «Айкөл таза коом»  баш болгон коомдук бирикмелердин өкүлдөрү кирген.

Copyright © 2017 Maral FM