Биз менен байланышыңыз

Атамбаев баштаган топ «Ата-Бейитти» зыярат кылышты

Кыска кабар | 6 Апр 2019 | 772 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаев баштаган топ бүгүн «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барды. Иш-чарага Социал-демократтар партиясынын XVIII съездине келген делегаттар  да катышышты.

Ал жакта 2010-жылы 7-апрелде курман болгондорго багышталып куран окутулду. Андан кийин делегаттар экс-президент менен кошо жакында эле ачылган «7-апрель шейиттери» мечитине да барышты.

Кошумчалай кетсек, эртең 7-апрелде «Форумда» Апрель баатырларын эскерүү иш-чарасы өтөт. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөөрү күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM