Биз менен байланышыңыз

Касмамбетов Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүндө «Ата-Бейитке» барды

Кыска кабар | 7 Ноя 2021 | 697 | 0

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 7-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүндө “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды.

Ошондой эле Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентимишев, белгилүү саясий ишмерлер – Апас Жумагулов, Медеткан Шеримкулов жана башкалар барышты.

Иш-чаранын катышуучулары 1916-жылдагы трагедиялуу окуялардын курмандыктарына арналган эстеликке, саясий репрессиянын курмандыктарына арналган эстеликке жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл коюшту жана куран окулду.

Copyright © 2017 Maral FM