Биз менен байланышыңыз

Апрель окуясы: «Бактылуу ата болуп жашаса болбойт беле…»

Коом | 8 Апр 2019 | 721 | 0

7-апрель «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде шейит кеткен баатырларга куран окутулду. Ага президент Сооронбай Жээнбеков, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жана эл өкүлдөрү катышты. Каргашалуу окуяда жакындарын жоготуп, арадан 9 жыл өтсө да, жашы кургай элек баатырлардын жакындары менен маектештик.

Гүлжан Сагынбаева 30 жыл бактылуу өмүр сүрүп, балдарды чоңойтуп, элге кызмат кылып жүргөн жубайын жоготконуна 9 жыл өтсө да, дале көз жашы кургай элек. Ал күндү бизге мындайча айтып берди:

— Улуттук университетте мугалим болуп иштечү. Эртең менен жумушка кеткен.  Аяктан чыгып, аянтка барган экен. «Акаевдей болуп качып кетет» деп ойлогон окшойт. Барганда эле башына ок тийиптир. Эки күн издеп, 4-шаардык оорукананын моргунан сөөгүн таптык. Бактылуу ата болуп жүрсө болбойт беле. Жүрөгүбүз сыздап, жашап жүрөбүз.

Алтын Мамбетованын жубайы Шабдан Кулбакунов Балыкчыдан бери келген. Үй-бүлөсү аны 8-апрель күнү ооруканадан тапкан. 5 күн ооруканада жатып, 13-апрель күнү каза болгон деп эскерет жубайы.

-Мен ал күнү Балыкчыда болчумун. Революциянын жүрүшүн телевизордон көрсөтө баштаганда эле, сарсанаа боло баштадым. Издедик, таппадык. Акыры эртеси күнү нейрохирургиядан таптык. Башына ок жеген экен. 5 күн жандандыруу бөлүмүндө жатып, 13-апрелде каза болду. Балдарынын баарын окутту. Бирок, алардын сыйын көрбөй кетти.

80дей кишинин өмүрүн алып, 100дөй киши жарадар болгон бул окуянын кесепетинен канчалаган ата баласыз, балдар атасыз калды. Айрымдары болсо жаш бойдон окко учуп кете берди. «Нарында социалдык маселелерди алгачкы жолу жыйырмадай жигит көтөрүп чыгып, митингдер уюштурулуп, нааразычылык күчөп баштаган»,- деген апрель баатыры Эркин Асаналиев 7-апрелде күч алган революцияда аны менен чогуу жүргөн канчалаган жаш балдар күнөөсүз жерден окко учканын айтып эскерди.

— Эрлан деген бала бар эле. Келечеги кең, билимдүү бала болчу. Өкүндүргөнү үй-бүлөнүн жалгыз уулу жаш кетти. Эли үчүн баарына даяр патриот жигит болчу.

Бирок революция өз максатына жеткен жок дешет апрель баатырлары. Арадан 9 жыл өтсө да, коррупция күчөп, элдин жашоосу оңолгон жок деп өкүнүшөт. Апрель баатыры Бактыбек Мамбеталиев окко учкан шейиттердин максаты жерде калбаса деп тилейт.

-Революция толук максатына жетти деп айта албайм. Бирок айрым жагдайларда ийгиликке жете алдык. Таза шайлоо орноду. Бирок коррупция дале жоголгон жок.

Эске салсак, 2010-жылдын 7-апрелинде эл ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы чыккан. Анда 80ден ашык адам каза таап, 100дөй жаран жарадар болгон.

Copyright © 2017 Maral FM