Биз менен байланышыңыз

Касмамбетов: Бизге азыр жаңы векторлор, жаңы максаттар зарыл

Кыска кабар | 29 Окт 2021 | 327 | 0

Бизге азыр жаңы векторлор, жаңы максаттар зарыл. Башкача айтканда, мамлекеттин өнүгүүсүнүн жаңы модели жана ага төп келе турган идеология түзүлүшү шарт. Мында биз кайрадан велосипед ойлоп тапкандай болбошубуз керек. Маселен, дүйнөдөгү мамлекеттердин дээрлик көпчүлүгү ийгиликтүү колдонуп жаткан конвергенция моделин колдонсок болот. Бул өзү социализмдин жана капитализмдин жакшы жактарын кылдаттык менен пайдаланып, жаман жактарын ыргытып таштоо деген сөз. Мындай пикирин мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов «Кыргыз Туусу» өкмөттүк гезитине берген маегинде билдирген.

«Белгилүү окумуштуулар Шайлообек Мусакожоев, Карыпбек Алымкулов жазгандай, конвергенттик экономика жеке менчикти, жеке демилгени муунткан тоталитардык социализм да эмес, жалаң кирешени сая кубалаган коммерциялык рынок да эмес. Конвергенттик экономиканын негизги көрсөткүчү — социалдык көйгөйлөрдү жеңүү, элдин бакубат турмушу.

Мисалы, Кытай ушул жол менен экономикасын биринчи орунга алып чыкты. Жакында булар жакырчылыктан кутулдук деп бүт дүйнөгө жарыялашты. Ковергенция идеологиясына таянган коомдук-саясий түзүлүштөр азыр Кытайда, Индияда, Индокытай менен Латын Америка өлкөлөрүнүн басымдуу көпчүлүгүндө үстөмдүк кылат. Ошол эле учурда либералдык капитализм орногон Батыштын өлкөлөрү азыр эбегейсиз терең кризиске капталды», — деген Касмамбетов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM