Биз менен байланышыңыз

«Замандаш» коомдук фонду Москвада мекендештер үчүн бизнес форум өткөрдү

Кыска кабар | 6 Апр 2019 | 663 | 0

«Замандаш» коомдук фонду «Байхан» ишкердик клубу менен биргеликте Москва шаарында мекендештер үчүн бизнес форум өткөрдү. Бул тууралуу аталган фонддун өкүлдөрү «Маралга» билдирди.

Орусиянын баш калаасында өткөн ишкерлер форумунда «Нөлдөн баштап бизнес түзүү, же өз ишиңди кантап баштоо керек», «Кыргызстандын кандай келечеги бар?», «Туура түзүлгөн стратегия – ийгиликке карай жол», «Экоөндүрүм түзүү технологиясы» сыяктуу темаларда лекциялар жана мастер-класстар өткөрүлдү.

Форумда угуучулар бизнес жүргүзүү негиздерине үйрөткөн жана практикалык иш тажрыйбасы менен бөлүшкөн эксперттер жана бизнесмендер менен баарлашты. Катышуучулар ар кыл бизнес тармактары боюнча кейстер менен таанышып, белгилүү бир көйгөйлөр боюнча суроолорго жоопторду алышты.

Жыйында мекендештерибиз экономикалык сабаттуулугун жогорулатышып, практикалык бизнес көндүмдөрүнө ээ болушту. Форумдун катышуучулары иш-чаранын пайдалуулугун жогору баалашып, аны туруктуу негизде өткөрүп туруу өтүнүчү менен уюштуруучуларга кайрылышканы айтылууда.

Copyright © 2017 Maral FM