Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө дизелдин баасы 1-1,5 %га кымбаттышы мүмкүн

Кыска кабар | 6 Апр 2019 | 518 | 0

Апрель айында өлкөдө дизель майынын баасы 1-1,5 %га кымбаттайт. Бул тууралуу Кыргызстан нефтетрейдерлер Ассоциациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, буга мунайдын баасы жеринде, Орусияда кымбаттап жатканы себеп болууда. Анткени, айдоо-себүү башталгандыктан, күйүүчү майга болгон талап өскөн.

Мындан сырткары, дүйнөлүк рынокто да мунайдын баасынын жогорулап жатканы да буга кошумча болгону айтылат.

«Кыргызстан нефтетрейдерлер Ассоциациясынын мурдагы запастары менен ички рыноктогу күйүүчү майдын учурдагы баасы апрель айынын жарымына чейин сакталат. Айдын экинчи жарымында бензиндин наркы ордунда сакталганы менен дизель кымбатташы мүмкүн», — деп айтылат Кыргызстан нефтетрейдерлер Ассоциациясынын билдирүүсүндө.

Copyright © 2017 Maral FM