Биз менен байланышыңыз

Момбеков: Атамбаевдин каталарын бетине айттым

Кыска кабар | 6 Апр 2019 | 1428 | 0

Алмазбек Атамбаев КСДПнын съездинде президенттик учурундагы ишмердүүлүгү боюнча өзүнө өзү баа берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков маалымдады. Анда экс-президент башкаруу учурунда бир топ ката кетиргенин айтканын, аны мойнуна алганын белгиледи.

— «Жанымдагылар, тегерегимде жүргөндөр мага туура эмес маалымат бериптир», – деп көп нерселерди айтты. Менин съездге катышканымдын себеби, Алмазбек Атамбаевге кайрылуу эле. «Сиздин жан сакчыларыңыздын баары «жан бакчы», жардамчыларыңыздын баары «жалганчы» болуп чыкты. Буга өзүңүз күнөөлүүсүз. Бүгүнкү саясий туңгуюкка кептелгениңиздин да күнөөлүүсү — өзүңүз. Сиз тегерегиңизге ишенгенсиз. Сиз танда деген кишини тандадык, шайла дегениңизди шайладык. Эми сиз бүгүн жайла десеңиз, жайлай албайбыз. Логикага туура келбейт» – дедим.

Анда депутат Атамбаевге Апрель окуясында каза болгондорго «Манас» орденин бербегенин айтып, сынга алганын да белгиледи. Анын ордуна кеңешчилери Икрамжан Илмиянов менен Фарид Ниязовго берип, ката кетирдиңиз деп айтканын билдирди.

Атамбаев: «Саткандар» «сатпагандар» менен күрөшүп жатат

Карамушкина: Партияга олуттуу коркутуу болуп жатат

Copyright © 2017 Maral FM