Биз менен байланышыңыз

Атамбаев: «Саткандар» «сатпагандар» менен күрөшүп жатат

Кыска кабар | 6 Апр 2019 | 957 | 1

Экс-президенттин ишмердүүлүгүнө киргизилген чектөөлөр мыйзамсыз. Депутаттардын кабыл алган мыйзамы Конституцияга каршы келет. Бул тууралуу оюн экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДП партиясынын съездинен соң билдирди. Анда ал 3-апрелде чогулган КСДПнын максаты Атамбаевди каматуу экенин да айтып, артында Жээнбековдор турарын белгиледи.

— Мен Кудайдан башка эч нерседен коркпойм. Мага иш козгойм десе, мага чейин ондогон адамдар камалып жатса дагы, менден бир да көрсөтмө ала албай жатышат. Мага кылмыш ишин козгош үчүн, мен кылмыш жасаган болушум керек да. Мен эл алдында, Кудай алдында тазамын. Азыр коррупция менен күрөшөм деп алып, «саткындар» «сатпагандар» менен күрөшүп жатат.

Кошумчалай кетсек, бүгүн, 6-апрелде Алмазбек Атамбаев баштаган КСДПнын 170 өкүлү съездге чогулду. Анда бир катар резолюциялар кабыл алынды.

Copyright © 2017 Maral FM