Биз менен байланышыңыз

Карамушкина: Партияга олуттуу коркутуу болуп жатат

Кыска кабар | 6 Апр 2019 | 610 | 0

КСДП партиясынын бүгүнкү курултайына аймактардан келген делегаттарды УКМКнын кызматкерлери коркутуп жатат. Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина партиянын съездинен кийин журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, курултайда Баткенден келген делегаттар Бишкекке аттанарда үйлөрүнө күч кызматкерлери барышканын айтышкан. Карамушкина бул себептен партия коопсуздугу үчүн күч органдарына расмий кайрылышканын билдирди.

«Күч органдары саясий партиялардын ишине кийлигишүүнү токтоткула. Атамбаевди колдогондорго керек болсо иш козголуп жатат. Бирок ошол эле учурда мындай коркутуулар биздин туура жолдо бара жатканыбызды көрсөтүп жатат» , — дейт Карамушкина.

Эл өкүлү ушул сыяктуу коркутуулар курултайдын жабык өткөнүнө жүйө экенин кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM