Лейлектин Тажикстан менен чектешкен Жаңы-Жер айыл аймагынын тургундары өрүкзардын аянтын көбөйтүүгө аракет көрүшүүдө. Анда гектарлаган жерди өкмөттөн ижарага алып, көчөт отургузуу өнөктүгү кызуу жүрүп жаткан учуру.
Кабылбек Эргашев кайра бөлүштүрүү фондунун жерин ижарага алып өрүк көчөттөрүн отургузууда. Буга чейин бул жерде жүзүм аянты болгон. Өлкө эгемендүүлүк алган жылдардан кийин жүзүмдөн киреше түшпөй куурап калгандыктан, анын ордуна өрүк бактарын көбөйтүүнү колго алды.
— КБФнын 8.5 гектар жерин ижарага алдым. Куурап калган жүзүмзардын ордуна өрүк багын отургуздум. Баш-аягы 200 миң сомдой чыгым кетти. Эми бакка суу тартып келүү боюнча аракеттерди көрүп жатам.
Лейлек райондук суу чарба башкармалыгынын кызматкери Салим Жалилов «Арка» насостук бекетиндеги оңдоп-түзөө иштеринин арты менен сугат суу көбөйгөндүгүн айтат. Насос аркылуу сугарылуучу 3 миң гектардан ашуун жер аянтына сугат суу берүү 85 %дан ашып, тургундар жер аянттарын кайрадан иштете башташты.
— Түзүлгөн келишимдин негизиндеги суу жеткирүү иштеринин 85-95 %га жакыны аткарылайын деп калды . Учурда 75 %ы толук бүткөрүлдү. Мындан улам элде ишеним пайда болуп, дыйканчылык, багбанчылык менен жапырт алектене баштады. Биз жакта өрүк бизнеси жакшы өнүккөн. Баш-аягы 300-400 гектар жерге өрүк көчөтү отургузулду. Эми баарын суу менен камсыз кылууга аракеттерди көрүп жатабыз.
Чек арада жайгашкан Жаңы-Жерликтердин кошуна тажик жарандары менен соода мамилеси терең. Мындан улам, мөмө-жемиштерди Тажикстанга сатууга ниеттенип жатышканын Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы Саатбек Эгембердиев айтты.
— «Мазарыбыз да, базарыбыз да бир» деген кеп бар го? Анын сыңары, мөмө-жемиш, эгин-тегинибиздин көбүн тажик туугандарга экспорттойбуз. Ачыгын айтсак, Тажикстан ЕАЭБге мүчө эместигинен улам, бир аз кыйынчылыктар болуп жатат. Антсе да, Тажикстан менен карым-катнашты үзбөөгө аракет кылып жатабыз. Көп киреше алып келген, анан сууну аз талап кылган багбанчылык болуп эсептелгендиктен, эл өзү да ушул багытка көбүрөөк кызыгып, көп жылдык дарактарды отургузуп, негизинен өрүк багбанчылыгы менен алектенип жатышат.
Лейлек Кыргызстандагы агрардык райондордун катарына киргендиктен, кирешелүү көп жылдык бак-дарактын аянты көбөйтүлүп жатат. Айрыкча, мол түшүм берүүчү карлик дарактарын өстүрүүгө кызыгуу жогору экенин райондун акими Баймурат Бекмуратов белгилейт.
— Карлик тибиндеги мөмө багын көбөйтүү, анан азыркы заманбап курулуш материалдарына жарай турган павлония дарактарын өстүрүү боюнча Исфана шаар башкармалыгынан 4 гектар жер бөлүп бердик. Айрыкча, карлик багы түшүмдүүлүгү жогору, анан да жерди аз ээлейт экен. Ушул бакты көбүрөөк өстүрүүнү эл арасында кеңири жайылтуу аракетин көрүп, ар бир айыл өкмөткө участкаларды уюштуруп жатабыз.
Лейлек району боюнча жалпы 33 миң 384 гектар айыл чарба багытындагы жер бар, анын 9 миң 260 гектары — аңыз. Ал эми 2,5 миң гектарга жакыны — бак-дарак.