Биз менен байланышыңыз

Кара-Сууда жаранды койдуруп, качып кеткен айдоочу кармалды

Кыска кабар | 4 Апр 2019 | 537 | 0

Кара-Суу районунда 52 жаштагы жаранды койдуруп, качып кеткен Кара-Суу районунун Катта-Талдык айылынын 1967-жылы туулган  Ч. З. аттуу тургуну 3-апрелде кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

29-март күнү 21:00 чамасында, Кара-Суу районунун Жаңы-Маданият айылында, белгисиз айдоочу өзүнүн автоунаасы менен  Жаңы-Маданият айылынын тургуну 1958-жылы туулган А. А. аттуу жаранды койдуруп, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.

Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык жана соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалган.

Кылмышка шектүүнүн иши тергөө кызматына тапшырылып, Жазык кодексинин 297-беренесинин (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) жана 151-берененин (жардам көрсөтпөй коюу) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM