Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад: Жаңы чек ара заставаларынын ачылышы болду

Кыска кабар | 4 Апр 2019 | 548 | 0

Бүгүн, 4-апрелде Мамлекеттик чек ара  кызматынын Жалал-Абад облустук башкармалыгына караштуу  Ала-Бука районунда жайгашкан «Көк-Серек» жана «Ак-Коргон» чек ара заставаларындагы жаңы комплекстердин салтанаттуу ачылышы болду.  Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Жаңы чек ара заставасындагы комплексте заманбап инфраструктуралык объекттер, административдик жайлар, казарма, офицердик курам жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн  турак жай, кампа, техниканы оңдоочу жана сактоочу жабык бокстор, чек арачылардын иттерин кармоочу кепелер жана атканалар курулган. Ошондой эле, плац,  ок  атууга машыктырган окутуу жайы жана спорттук  аянтча да бар.

«Көк-Серек» жана «Ак-Коргон» чек ара заставаларынын  жаңы комплекстеринин курулушу жана жабдылышы Кыргызстандын Евразиялык  экономикалык биримдикке  кошулуу процессинин алкагында  техникалык колдоо көрсөтүү боюнча кыргыз Өкмөтүнүн жана Орусия Өкмөтүнүн ортосундагы Келишимге ылайык жүргүзүлгөн.

 

Copyright © 2017 Maral FM