Биз менен байланышыңыз

Баткен: ӨКМ тарабынан 67 аймак кооптуу деп табылды

Коом | 4 Апр 2019 | 750 | 0

Баткен облусунда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 67 аймак кооптуу деп табылган. Анын ичинен өзгөчө кооптуу деп табылган 30 аймакта май айларына чейин алдын алуу иштери жүрүп жатат.

Кадамжай районунун Орозбеков айылы сел коркунучунда турган айыл. Капчыгайда жайгашкан айылдын эли суу ташкынынан кооптонуп турушат. Айыл өкмөтүнүн кызматкери Эсенбай Кубатов буга чейин жаратылыш кырсыктарында көпчүлүк турак жайлар кум-шагылга толуп, ички жолдор да зыянга учураганын айтат.

-Орозбеков айыл аймагында айрыкча жайкысын сел көп жүрөт. Таш-Булак, Жошолу сайынан агып түшкөн сел арыктарды алып, чарбактарды, ички жолдорду кыйратып кеткен учурлары арбын. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган айылды жаратылыш кырсыктарынан сактоо, алдын алуу жана өзгөчө кырдаалдын кесепетин жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө. Министрликтин Кадамжай райондук бөлүмүнүн адиси Идирис Умарбаев учурда сайды тазалоо иштери жүрүп жатканын, май айына чейин 1600 метр жээкке тосмо куруларын айтты.

 — Бул жерде 280ден ашык турак үй, 3 км. ашык ички арыктар, 4 километрден ашык ички чарбалык жол корголот. Ушунун негизинде тазалап бүтсөк, эмдиги жылы каналдын кайрылышына габион коюуну пландап атабыз. Азыр алдын ала эсептөөлөр жүрүп жатат.  

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облустук башкармалыгынын башчысы Орозбек Пазылов мындай иш-аракеттер облус боюнча эң кооптуу делген 30 аймакта жүрүп, май айына чейин бүткөрүлүүгө тийиш экендигин айтат. Жалпысынан быйыл 67 кооптуу тилкеде алдын алуу чараларын жүргүзүү үчүн ӨКМ тарабынан Баткен облусуна 10 жарым млн. сом  бөлүнгөн.

— 67 кооптуу аймактын ичинен, 30 аймак өзгөчө кооптуу деп тандап алганбыз. Март, апрель, май айларына планга киргизип, азыр иш алып барып жатабыз. Калган аймактарды кеч күзгө чейин толук бүтүрүүгө аракет жасайбыз.

Муну менен катар, авариялык калыбына келтирүү жумуштарынын негизинде облус боюнча 4 курулуш иши жүрүп жатат. Анын ичинде Орозбеков айыл аймагындагы Охна сайында 130 метр коргоочу тосмону калыбына келтирүү үчүн 4 млн. 900 миң сомдук иштер аткарылууда.

— Дамбанын узундугу 3 метр жаздыкчасы менен кошо эсептегенде — 130 метр. Бийиктиги — 4,5 метр. Тургузулган тосмонун түбү — 70 см. Үстү — 30 см. Дамба долбоордун негизинде жасалып жатат.

Жогорудагы жумуштар толугу менен аягына чыкса, облуста 2 миңге жакын турак үй, 60 миң чакырымдан ашуун ички жол, 55 гектар айдоо аянты, 8 мектеп жана 1 көпүрө жаратылыш кырсыгынан корголот.

Copyright © 2017 Maral FM