Биз менен байланышыңыз

Элет көйгөйү: Таза суу эмес, автоунаанын «уусун ичип» жашайбыз

Коом | 4 Апр 2019 | 693 | 0

Нарын, Ысык-Көл облустарынын алты айылында жарандардын тамактануусун жакшыртуу боюнча эксперимент жүргүзүлгөн. Жүргүзүлгөн изилдөөнүн натыйжасында, аталган айылдарда таза суу жетишсиз болгондуктан, жергиликтүү калк ар кандай ооруларга туш болуп жатканы белгилүү болгон. Маселен, жаш балдар организмине жетиштүү азык ала албай, өсүү процесси начарлап жатат.

Бүгүн, 4-апрелде тамактанууну жана азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу боюнча жарандык альянсы атайын жыйын өткөрдү. Аталган агенттик Нарындын Жумгал жана Нарын райондоруна, Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз жана Түп райондоруна атайын байкоо жүргүзүшкөн. Тамактанууну жана азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу боюнча жарандык альянсынын төрайымынын орун басары Калида Аманованын айтымында, айылдардын негизги көйгөйү — таза суу. Ошол себептен жергиликтүүлөрдүн саламаттыгы начарлап, тийиштүү азык ала албай жатканын белгилейт.

— Бул айылдарда бир нече көйгөй аныкталган. Алардын бири — таза суунун жоктугу. Ошондой эле жарандар сугат суусунун жоктугунан дыйканчылык менен алектене албай; акча жоктугунан үрөн жана күйүүчү май ала албай; калктын 70 %ынын жашоосу оор. Алар көбүнчө жөлөк пул жана пенсиянын эсебинен күн көрүшөт. Баарыбызга маалым болгондой, бул — абдан аз каражат. Андан тышкары, аялдардын жана балдардын саламаттыгына байланыштуу көйгөйлөр аныкталган. Айылдарда ФАПтар бар, бирок, медкызматкерлердин жоктугунан, райондук, облустук ооруканаларга кайрылууга мажбур.

Нарын районунун Шоро айылынын тургуну Рахат Кытаповдун айтымында, таза суунун жоктугу айылга бир топ эле кыйынчылык жаратып келет. 2004-жылы таза суу киргизүү иштери башталып, бирок каражат аз бөлүнгөндүктөн токтоп калган. Жамгыр жаап, сел каптаганда, суу түтүктөрүнө баткак туруп калып, айыл эли ылай суу ичкенге аргасыз болушат. Мындай көйгөйлөрдөн качып, жаштар туш тарапка көчүп кетишкен. Ошондуктан, калктын саны да жыл сайын азайып баратканын кошумчалады.

— Биздин айылда болгону 125 түтүн эл жашайт. Азайып бараткандын себеби, таза суу чыкпайт.Бала бакча салдыралы деп долбоор сунуштасак эле, таза суу маселесине келип токтолот. Жаштарыбыз эл катары телефон чукулап, интернет колдонгусу келет. Тилекке каршы, ал да тартпайт. Шарт жок болгондуктан, бул айылда жашаш өтө эле кыйын.   

Экспериментке Ысык-Көл облусунун Чоң-Кызыл-Суу айылы да кирген. Айыл башчысы Кубат Тотубаев айткандай, бул айылда да таза суу жок. Кумтөргө жакын жайгашкандыктан, төрт мезгил бою күнү-түнү унаалар тынбай каттайт. Мунун кесепетинен көчөлөрдү жайкысын чаң басып, жаз-күз баткак басып турат. Кара жолдон ары-бери каттаган автоунаадан чыккан газ чарбактарга чейин каптап, уулуу мөмө-жемиш жешке аргасыз. Ошондуктан, калктын күнүмдүк оокат кылуусуна бир топ кыйынчылык жаратып келет. Айыл башчысы кошумчалагандай, жыйырма жыл аралыгында, Кумтөрдөн жыргаткан деле жардам болгон эмес.

-Жылуу сууга жана Кумтөргө кара жолдон унаалар тынбай каттап турат. Бизге деле туристтер келип, эс ала тургандай шарт түзүп койсокпу деген ой келген. Айылыбыз кооз, көп адамды кызыктырат. Чаңдап турса, суу сепсек баткак болуп жатса, каяктагы турист келмек эле? 20 жылдан бери Кумтөр бир эле жолу жардам берди. Арыктарды тазалап берген. Андан бери жардам да ала элекпиз.

Жогорку Кеңештин депутаты Рада Туманбаева, бул маселе боюнча өкмөт жардам берерин айтты. Депутаттын маалыматында, таза суу маселеси 2019-2023- жылдар аралыгында карап чечилиши күтүлүүдө.

-Өкмөт пенсия, жөлөк пул жагынан жардам берип жатат. Албетте, жаңы өсүп келе жаткан балдардын ден соолугун карашыбыз керек. Иштелип чыккан жаңы долбоор менен иш алып барып, өзгөртүүлөрдү киргизип, биргеликте кыргыздын тарыхында калсак жакшы болмок.

Изилдөөлөрдүн негизинде, Нарын жана Ысык-Көл облусундагы айылдарда беш жашка чейинки балдардын 37 %ынын саламаттыгы начар экени аныкталган. Адистердин айтымында, убагында керектүү витаминдерди ала албагандыктан, балдардын салмагы, боюнун өсүүсү начарлап кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM