Биз менен байланышыңыз

Бекбоосун Бөрүбашев: КСДПнын легитимдүү төрагасы Атамбаев

Саясат | 3 Апр 2019 | 944 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков КСДП партиясынан кетти. Мындай чечимин бүгүнкү парламент жыйынында билдирди. Анда ал партия төрагасынын мүдөөсү, жеке таарынычы, амбициясы мамлекеттин өнүгүшүнө залакасын тийгизбеши керектигин эске салды. Бул теманын алкагында «Күн чекит» программасында юридика илимдеринин доктору, профессор, саясат таануучу Бекбоосун Бөрүбашев менен маек курдук.

— Асылбек Жээнбеков КСДПдан кеттим деп расмий жарыялады. Бул кадам ансыз да эки жээкке бөлүнүп, өз ара араздашып турган партиянын саясатына, келечегине таасир этиши мүмкүнбү?

— Асылбек Жээнбеков — Кыргызстандын жараны. Кайсы партияга кирет, же чыгат — өзүнүн иши. Менин билишимче, КСДПнын тагдыры бир жыл мурун эле чечилип калган. Анткени, бул жерде бирдиктүү система жок. Учурдагы кырдаалдан улам, тактап айтканда, бөлүнүп-жарылуунун айынан партиянын мындан ары да жашап кетүүсү оор болуп турат. Мындай жагдайга тушугушунун себеби, Кыргызстандагы саясий партиялар бийликтин, акчанын партиясы болуп калгандыгында.  Ушул алкактан алып караганда, Жээнбековдун партиядан кетиши мыйзам ченемдүү эле.

— «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын түзүп, буга чейин активдүү иштеп келген Сагынбек Абдрахманов КСДП партиясынын төрагалыгына келгенин бүгүнкү съездде жарыялады. Экс-ажо Атамбаев болсо, 6-апрелде съезд өткөргөнү турат. Деги кимиси легитимдүү?

— Партия үчүн эң негизги документ — партиянын жобосу. Бул суроого жооп алыш үчүн жобону карап көргөнүбүз туура болот. Менимче, партиянын жобосу боюнча Атамбаев легитимдүү го?..

— Асылбек Жээнбеков өз алдынча партия түзсө, КСДП фракциясындагы депутаттар да ээрчиши мүмкүнбү?

— Мүмкүн. Анткени, Кыргызстандагы саясатчылардын көбү бизнестен келгендер. Саясат мамлекеттик деңгээлдеги иш, а бизнес жеке иш болуп эсептелет. Тилекке каршы, учурда өлкөбүздүн саясатчылары бизнес менен саясатты аралаштырып салышты.

— КСДПнын съездерине коомчулуктун катуу көңүл буруусунун себеби эмнеде? Өлкөнүн саясий аба ырайын ушул партия жасайбы?

— КСДП партиясы акыркы тогуз жылдан бери Кыргызстандагы күчтүү партия болчу. Айталы, экс-президенттер Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаев, башка дагы төбөлүүлөр, акчалуулар ушул партиядан суурулуп чыгышкан. Ошон үчүн элдин оозуна алынган, таасирдүү саясий күчкө айланган да. Коомчулуктун катуу көңүл буруусунун себеби ушунда деп ойлойм. 

Copyright © 2017 Maral FM