Connect with us

Тиллаев: Баткен облусунда абал тынч болгону менен кырдаал оор

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Апр 2019 | 702 | 0

Баткен облусунда абал тынч болгону менен кырдаал оор. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, чек араны эч ким көзөмөлдөбөйт, андыктан, бул маселе чечилбесе, аткезчиликти токтотуу оор болот.

«Баткен обулусунда абал тынч болгону менен кырдаал оор. Облустун калкынын 50 %ы сыртка чыгып кеткен. Социалдык маселелерин чечип берсек, эл чек арадан жылбай жашамак. Ошондон улам, чек ара статусун алган аймактарга каражат бөлүүнү өкмөт башчыдан талап кылдык. Эгер койгон талаптар аткарылбаса, отставкасын талап кылабыз. Чек ара тынч болбосо, башка иштерге да кедергисин тийгизет«, — деди Таабалды Тиллаев.

Мындан сырткары, чек арага жакын жашаган аймактын тургундарынын айлыгына 20% акча кошуп берүү, чек арадагы аймактарды сатууга тыюу салуу, аскер кызматтарын түштүк аймагына которуу боюнча да талаптарды көтөрүп чыгышканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM