Биз менен байланышыңыз

Венесуэла: Жогорку сот депутат Гуайдонун кол тийбестигин алып салууну талап кылды

Кыска кабар | 2 Апр 2019 | 457 | 0

Венесуэланын  Жогорку Соту 1-апрелде, өзүн  убактылуу президент деп жарыялаган Хуана Гуайдонун депутаттык кол тийбестигин алып салууга чакыргандыгы тууралуу Deutsche Welle маалымат порталы жазды.

Учурда Венесуэлада Хуан Гуайдого карата 2 кылмыш иши козголду. Марттын аягында Венесуэланын Башкы көзөмөл башкармалыгы аталган депутатты парламенттин төрагалыгы кызматынан алып, мамлекеттик кызматка иштөөсүнө 15 жылдык чектөө киргизди. Оппозициячыл Хуана Гуайдо өлкөнүн Башкы аудиторунун чыгарган буйругу мыйзамга дал келбесин айтууда.

Ошол эле учурда Хуан Гуайдо Венесуэланын элин тез-тез кайталанып өчүп жаткан электр энергиясын калыбына келтирүүнү талап кылуу үчүн жана таза суу маселеси боюнча кайрадан көтөрүлүшкө чыгууга чакырган.

“Талаптарыбызды коюп Венесуэланын көчөлөрүнө чыгабыз, себеби, биздин бул ишти жасоого укугубуз бар”,- деп жазылат убактылуу президент Хуан Гуайдонун 1-апрелдеги билдирүүсүндө.

 

Copyright © 2017 Maral FM