Биз менен байланышыңыз

Гидрометеорологиялык тейлөөнү жакшыртууга 5 млн. доллар керек

Кыска кабар | 2 Апр 2019 | 462 | 0

Бүгүн, 2-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында гидрометеорологиялык тейлөөнү өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоорунун концепциясы биринчи окууда жактырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы Азамат Мамбетов билдиргендей, бүгүнкү күндө гидрометеорологиялык байкоо тармагында бир катар жетишпестиктер, кемчиликтер бар. Ошондой эле учурда колдонулган технологиялар дүйнөлүк стандарттарга дал келбейт.

Мындай жагдайларды эске алган Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы долбоордун экинчи фазасынын максаттарына 5 млн. доллар кошумча каржылык жардам бөлүп берүүгө даяр экендигин билдирген. Каржылык жардам Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын стандарттык шарттарында 50 %ы кредит түрүндө, 50 %ы грант түрүндө бөүнүп берилет. Ишке ашыруу мөөнөтү 2019-2021 жылдарга каралган.

Муну менен табигый кырсыктардан улам боло турган социалдык жана экономикалык зыяндардын жана курмандыктардын санын азайтууга көмөкчү болот. Долбоор менен 28 метеостанция жабдууларын сатып алуу, 10 гидропостту оӊдоо, тиешелүү веб-порталды өркүндөтүү жана башка маселелер мерчемделген.

 

Copyright © 2017 Maral FM