Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Чек ара маселесин күч менен чечүү мүмкүн эмес

Кыска кабар | 1 Апр 2019 | 957 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен районунун Аксай айылынын эли менен жолугушуу учурунда, жергиликтүү тургундардын маселелери менен жекече таанышып, аларды чечүү жолдорун талкуулоо үчүн келгенин билдирди. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы маалымдады.

«Мени менен мамлекеттик органдардын жетекчилери кошо келишти, аларга маселелерди тезинен чечүү боюнча тийиштүү тапшырмалар берилди. Бул эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн биргелешкен күч-аракеттерин талап кылган татаал маселе. Мындайда өтө ойлонулган жана конструктивдүү мамиле керектелет, күч менен чечүү мүмкүн эмес. Акыркы окуя болгон күндүн эртеси эки мамлекеттин Президенттеринин ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү, мен да бир нече ирет Тажикстандын өкмөт башчысы менен байланыштым. Биз үзгүлтүксүз байланышып, сүйлөшүүлөр процессин көзөмөлдөп, эки жактын кызыкчылыктарына жооп берген мазмундагы протоколго кол коюп, натыйжага жетиштик», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр баса көрсөткөндөй, Аксай сыяктуу эли көптөгөн кыйынчылыктарга туш болгон айылдарга кам көрүү – Өкмөттүн милдети жана аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылындагы башкы артыкчылыгы болуп саналат. Ошондой эле, объективдүү кыйынчылыктарга карабастан, жагдайды тынчтыкты, туруктуулукту сактаган жана жалпы улуттук күч-аракеттерди бириктирген шарттарда чечүүгө болот.

Copyright © 2017 Maral FM